Казакстандын Каржы министрлиги «Чет мамлекеттерден, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүктөрдөн, жарандыгы жок адамдардан акча жана (же) башка мүлк алуучу адамдардын реестрин» жарыялады. Тизмеге ар кайсы тармактарда (анын ичинен ЖМКларда) иштеген жарандар, укук коргоочу топтор, коомдук фонддор, эл аралык уюмдар болуп 240 уюм кирген. Бул эмнеден кабар берет?
«Эң жаман өнөкөттү туурап жатабыз»
Каржы министрлигинин тизмесинде медиаиндустрия менен байланышкан ар кандай долбоорлорду, сынактарды жана иш-чараларды уюштуруп жүргөн бейөкмөт уюм – Эл аралык MediaNet журналистика борбору да бар.
Борбордун жетекчиси Адил Жалилов чет өлкөдөн каржылангандардын реестрин жарыялоо авторитардык өлкөлөрдүн өнөкөт адаты экенин айтат.
- Биз эл аралык уюмдардан каражат алабыз. Бул кадимки өлкөлөр үчүн демейки эле көрүнүш. Бирок биз Орусиянын жаман жолуна түшүп, кайдагы бир «чет элдик өкүлдөрдүн» реестрин чыгара баштадык. Бул абийир алып келбейт. Биз жаман өнөкөттү туурап жатабыз. Биз жакшы нерсени өздөштүргөндүн ордуна, эң жаман тажрыйбаларды кабыл алуудабыз, – дейт Адил Жалилов.
- Журналистика борбору көз карандысыздыгын сактоо үчүн мамлекеттик органдардан каражат алуудан такыр баш тартып келет, – деп билдирди Жалилов. - Ошондуктан ал уюмдун ишмердигине кийлигишпеген, сөз эркиндигин сыйлаган эл аралык фонддорго гана кайрылат. Сырттан каражат алып жатканыбызды эч качан жашырган эмеспиз. Аткарган иштерибиз, каржылоо булактары, канча грант алганыбыз боюнча отчётторду дайыма жарыялап турабыз. Биз муну уят деп эсептебейбиз. Тескерисинче, сыймыктанабыз, анткени бул гранттарды утуп алуу абдан кыйын, анүстүнө татыктуу идея да болушу керек, – деп белгилейт ал.
Министрликтин тизмесинде укук коргоочу Бакытжан Торегожина жетектеген «Ар.Рух.Хак» коомдук фонду да бар. Бул уюм январь окуясында набыт болгондордун аты-жөнүн, алардын кандай жагдайда өлгөнүн тактап, дайынсыз жоголгондор жана коогалаңда кыйноого дуушар болгондор тууралуу маалыматтарды чогултуп, окуяны документтештирген.
Торегожина – Кандуу январь окуясын эл аралык деңгээлде көз карандысыз иликтөөнү жана кишилердин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып келе жаткандардын бири.
Торегожина да фондго чет өлкөдөн акча түшүп турарын жашырган жок. Ал уюм аталган тизменин жарыяланышына «кыжаалат болбойт», анткени ал «Казакстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ачык-айкын иштейт» дейт. Бирок реестрди жарыялоо менен ага киргендерди Орусиядагыдай «чет элдик өкүлдөр» деп атоого аракет кылышса, анда бул башка кеп дейт укук коргоочу.
«Эгерде бийлик бизди «чет элдик өкүлгө» кошкусу келсе, анда менин бийликтегилерге айтар кебим бар. Алар бейөкмөт уюмдарды колдоону күчөтүшү керек. Эгерде биз жасап жаткан иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланса, муну кубаттайм. Бирок, эмнегедир, биздин бийликтегилер андай кылбайт. Алар Казакстанда саясий туткундар, саясий куугунтукка кабылган активисттер бар экенин, Каӊтар (январь) окуяларында элдин укугу бузулганын моюнга алышпайт. Алар бул иштердин баарын көргүсү келбейт. Бул жасап жаткан ишим үчүн Казакстандан эч качан каражат ала албай турганым анык», – дейт Бакытжан Торегожина.
Өгөйлөөбү?
Укук коргоочу Торегожинанын пикиринче, эгер мамлекет бейөкмөт уюмдардын эл аралык фонддор менен кызматташуусуна канааттанбаса, анда ал өзү «альтернативдүү шарттарды сунушташы» керек.
- Бийлик каражат алган уюмдун ишине кийлигишип, көрсөтмө бербеши керек. Чет элдик өнөктөштөр [каржылоочулар] биздин укуктарыбызды сыйлашат жана көз каранды болбой, эркин иштөөгө шарт түзүп беришет. Эгерде мамлекет бизди, биздин эмгегибизди сыйлап, өз алдынча иштөөгө шарт түзүп берсе, бийликке жакын бейөкмөт уюмдар сыяктуу коркутуп, опуза кылбаса, биз ошол эле шартта иштемекпиз», – дейт Торегожина.
Адил Жалилов реестрдин жарыяланышы мамлекетке сегрегацияга (өгөйлөөгө) жол ачат деп эсептейт:
- Шайлоо учурунда БШК «өз» уюмдардын гана сурамжылоо жүргүзүшүнө уруксат берет. Биз эми сурамжылоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калабыз деп ойлойм, анткени биз [чет өлкөдөн акча алган уюмдардын] реестрине киргизилгенбиз. [Тизмедеги] журналисттер пресс-карталарды ала албай, ал эми ЖМКлар каттала албай калышы мүмкүн, – деп эсептейт MediaNet борборунун жетекчиси.
Тизмеде мамлекеттик түзүмдөр барбы?
«Адил сөз» басма сөздү коргоо уюмунун деректири Карлыгаш Жаманкулова чет өлкөдөн акча алгандардын тизмесин жарыялоого каршы эмес. Анын көз карашынча, казакстандыктар чет элден каржы алуучуларды билүүгө укуктуу. Бирок тизменин азыркыдай түзүлүшү будамайлоого алып келиши мүмкүн деп эсептейт ал.
Жаманкулованын айтымында, комитеттин тизмеси толук эмес – анын курамына чет өлкөдөн акча алып жаткан өкмөттүк жана квазимамлекеттик (мамлекеттик сыяктанган) түзүмдөр да кириши керек. Мындан тышкары, уюм же жеке адам каражатты кайсы булактардан алып жатканы көрсөтүлүшү зарыл.
- Тизмеде булак чагылдырылышы керек. Каржылоонун булагы Казакстанда расмий таанылган, эл аралык келишимдерди сактаган жана толеранттуулук, ачыктык, грант алуучунун көз карандысыз саясатын урматтоо сыяктуу принциптерди карманган гранттык уюмдар болгону оң. Биз өз аброюбузду сактоо үчүн кадыр-баркына ишенсе боло турган өнөктөштөр менен гана иштешебиз, – дейт Жаманкулова.
- Азырынча реестр түшүндүрмөсүз эле чыгарылды, – деп белгилейт «Адил сөздүн» башчысы.
«Реестрди аннотация, мамлекеттер аралык келишимдерге жасалган шилтеме менен коштогула. Эгерде жаран териштиргиси келсе, анда толук маалымат болушу керек. Контексти жок тизме – «чет элдик өкүлдөрдү» эле үстүрт атап коюу. Жарандарыңарга эл аралык өнөктөштөргө көрсөткөндөй ачыктыкты көрсөткүлө. Анткени маалыматты кескилеп берүү – бул манипуляциянын (будамайлоонун) бир түрү», — деп жазды Жаманкулова Фейсбуктагы билдирүүсүндө.
ӨИН жарыялоо – мыйзам бузуубу?
Чет өлкөдөн каржылангандардын тизмесине кирген журналисттер жана укук коргоочулар мындай реестрдин жарыяланышына каршы эмес, бирок жарандардын жана уюмдардын өздүк идентификациялоо номурлары (ӨИН) же бизнестеги идентификациялоо номурлары (БИН) жалпыга ачык болуп жатканына нааразы.
Бакытжан Торегожина жеке маалыматтарга тиешелүү ӨИНдин жарыяланышы мыйзамсыз, «бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек» деп эсептейт.
Казакстандагы аялдардын жашоосу жөнүндө журналисттик долбоорго эл аралык уюмдан каражат алган журналист Айнел Амирхан да өздүк маалыматтардын ачыкка чыгарылышын мыйзам бузуу катары баалайт. «Менин жеке маалыматтарымдын коопсуздугуна кепилдик берүүгө тийиш болгон мамлекет аны коомчулукка ачык таратып жиберди. Бул өздүк маалыматтар тууралуу мыйзамды бузуу болуп саналат», — деп жазды журналист Instagram баракчасына.
Мамлекеттик кирешелер комитетинин басма сөз кызматындагылар «Салык кодексинин 30-беренесине ылайык, салык төлөөчүнүн аты-жөнү жана идентификациялоочу номуру салык купуясына кирбейт» деп билдиришти.
Салык кодексинин 30-беренесинде «салык купуясы салык төлөөчүнүн аты-жөнү, идентификациялоочу номуру, салыктан карызы ж.б. тууралуу купуя эмес маалыматтардан бөлөк салык органы тарабынан салык төлөөчү (салык агенти) жөнүндө алынган ар кандай маалыматтардан турат» деп жазылган.
Казакстандагы айрым укук коргоочулар «Жеке маалыматтар жана аларды коргоо жөнүндө» Мыйзам тандалма түрдө колдонулуп жатканын айтышууда. Үстүбүздөгү жылдын август айында милиция талдыкоргондук журналист Сандугаш Дүйсенованы адам өлтүрүүгө шектүүнүн өздүк идентификациялоочу номуру жазылган документти социалдык тармактарга жарыялаган деп айыптап, кармаган. Кийинчерээк ага карата козголгон иш токтотулганы маалым болду. Көбүнчө башка бирөөнүн ӨИНи жарыяланганы боюнча кылмыш иши козголбойт.
«Ишеничти бекемдөө үчүн»
Каржы министринин 2018-жылдын 20-февралындагы №240 «Чет мамлекеттерден, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүктөрдөн акча каражаттарын жана (же) башка мүлктөрдү алган жана сарптаган адамдар менен жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү, аларды маалымат базасына киргизүү жана чыгарып салуу Эрежелерин бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйруктун долбоору үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында даярдалып, 8-февралда талкууга коюлган. Талкуу ошол күнү кечке чейин уланды. Кийинчерээк документке каржы министри кол коюп, буйрук 13-марттан тарта күчүнө кирди. Алты айдан кийин министрликтин сайтында чет өлкөдөн каржылангандардын тизмеси жарыяланды.
«Бул түзөтүүлөр жарандардын мамлекетке жана бейөкмөт уюмдарга карата ишенич деңгээлин жогорулатууга багытталган», – деп айтылат Мамлекеттик кирешелер комитетинин билдирүүсүндө.
Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакстанда чет өлкөлүк каржылоону мониторингдөөгө катышуучулар – чет мамлекеттерден, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүктөрдөн акча жана (же) башка мүлктү алып жаткан жеке жана юридикалык жактар жана (же) юридикалык жактын түзүмдүк бөлүмдөрү 2018-жылдан бери мамлекеттик киреше органдарына отчёт беришүүдө. 2022-жылы Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилген: «Бул талап коомдук пикирди сурамжылоо, маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу, юридикалык жардам көрсөтүү, жарандардын жана уюмдардын кызыкчылыктарын коргоо менен алектенген адамдарга карата колдонулат».
Чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар 2016-жылдан бери салык органдарына өзүнчө документтерди берип келет. Алар компетенттүү органдарга кызматкерлери, мүлктөрү, демөөрчүлөрү жана ишмердиктери жөнүндө маалымдайт. Бирок бул маалыматтар буга чейин жарыяланчу эмес.
"Орусиянын жолоюна түштүкпү?"
Социалдык тармактардын колдонуучулары Казакстандын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү Орусиянын «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамына салыштырышты.
Москвадагы «Мемориал» укук коргоо борбору жайгашкан имараттын дубалындагы «Чет элдик өкүл» деген жазуу. 2022-жылы Орусияда бул борборду жоюу чечими күчүнө кирген
Орус бийликтери 2012-жылы «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып, ага бир нече жолу өзгөртүү киргизген. Азыр Орусияда «чет элдик өкүлдөрдүн» тизмесине чет өлкөдөн каржылангандар эле эмес, Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жана бийликти сындаган адамдар да кошулган.
«Чет элдик өкүлдөргө» жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттары (анын ичинен «Эркин Европа/Азаттык» радиосу), журналисттер, эксперттер, ырчылар жана артисттер, бейөкмөт уюмдар, блогерлер киргизилген. Интернетке жарыяланган баардык материалдар материалды «чет элдик өкүл» түзүп таратканы тууралуу текст, видео же аудио билдирүү менен коштолушу керек. Бул талапты бузгандар жоопко тартылат.
Укук коргоочулар Орусиянын «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамын басынтып-кысынтуучу мүнөздө деп эсептешет.
2023-жылы март айында Грузиянын парламенти «Тышкы таасирди каржылоодогу ачыктык жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Аталган долбоорду дароо эле «чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү» мыйзам деп аташкан. Грузиянын бейөкмөт уюмдары долбоорду парламентте талкуулоону «улутту маскаралоо, бардык жарандарды мазактоо жана конституцияга каршы кадам» деп баалады. Тбилисиде нааразылык акциялары жүрүп жатканда, «Грузин кыялы» жана «Эл күчү» партиялары биринчи окууда кабыл алынган «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамды чакыртып алды.
Мындай мыйзам долбоору Кыргызстанда биринчи жолу 2013-жылы сунушталган. Документ чет өлкөдөн каржы алып, «саясий ишмердик» менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды «чет элдик өкүл» катары каттоого милдеттендирет. Бул мыйзам 2016-жылы кабыл алынган эмес, бирок быйыл парламент депутаттары «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамды коомдук талкууга алып чыгышты. Фактыларды текшерүүчүлөр жана эл аралык укук коргоочу уюмдар бул документ Орусиянын «чет элдик өкүлдөр» мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдиришти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казакстандын чет элдик каржы алуучулардын реестрине киргендердин арасында аны Орусиянын «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамына салыштырбагандар да бар. Айнел Амирхан журналисттердин бул тизмени өлкөдө колдонулбаган «чет элдик өкүл» деген түшүнүк менен чаташтырып, окурмандарды адаштыруусуна каршы.
«Мындай терминологияны колдонуудан этият болуп, бул түшүнүктү элдин калың катмарына жайылтууга жол бербешибиз керек», – деген ишенимде журналист.
Укук коргоочу Бакытжан Торегожина казак бийлиги Орусиянын жолуна түшпөйт жана «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзамды кабыл албайт деп үмүттөнөт.
«Биздин бийлик Россиянын жолуна түшпөйт, анткени Орусия таптакыр башка – өзүн бүткүл дүйнө жүзүнө каршы койгон саясатты жүргүзүп жатат», – деп белгилейт Торегожина.