Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Грузия: "Чет элдик тыңчы" мыйзамын кабыл алуу тоз-тополоң менен коштолду


Добуш берүү аяктагандан кийин оппозициянын миңдеген тарапкери парламенттин имаратын курчоого аракет кылды.
Добуш берүү аяктагандан кийин оппозициянын миңдеген тарапкери парламенттин имаратын курчоого аракет кылды.

Грузияда парламент 7-мартта "Чет элдик тыңчылар тууралуу" мыйзамын биринчи окууда кабыл алды. Анда 150 депутаттын 76сы колдоп добуш берди, 13ү каршы болду жана калган 61и добуш берүүдөн карманды.

Добуш берүү аяктагандан кийин оппозициянын миңдеген тарапкери парламенттин имаратын курчоого аракет кылды. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу менен бүркүп таратты.

Демонстранттар парламенттин эшигин тосо алган жок жана мыйзамды колдоп добуш берген "Грузин кыялы" фракциясынын депутаттары имараттан чыгып кеткенге үлгүрдү.

Кошмо Штаттарынын Тбилисидеги элчилиги долбоордун кабыл алынышын жана демонстранттарга карата күч колдонулушун "грузин демократиясы үчүн кара күн" деп сыпаттады.

Парламенттин төрагасы Шалва Папуашвили чогулгандарды жооткотууга аракет кылды жана документти Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүүнү убада кылды. Ошондой эле, экинчи жана үчүнчү окууда берилген сунуштар эске алынарын айтты.

Апта башында долбоор талкууланып жатканда депутаттар арасында мушташ чыккан.

Мыйзам долбоору Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат.

Оппозиция менен жарандык коом бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп баратат, "авторитардык ыкмага" жол ачат" деп сындап, бул мыйзамга караманча каршы болууда.

XS
SM
MD
LG