Бишкекте КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик маалымат агенттиктеринин башчыларынын жыйыны 11-сентябрда өттү. Анда маалымат мейкиндигинде кызматташтыкты күчөтүү маселеси талкууланды.
Айрым медиа эксперттер муну формалдуу жолугушуу деп атаса, экинчи жагынан Украинадагы согуштун фонунда Кремлдин пропагандасын жайылтууга аралашып калбайбызбы деп чочулагандар да бар.
Мамлекеттик медиа агенттиктер кызматташат
Бишкектеги жыйынга Азербайжандын, Беларустун, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин өкүлдөрү келди. Алардын арасында Орусиянын ТАСС агенттигинин жетекчилери, Кремлдин саясатын жайылткан Андрей Кондрашев, Михаил Гусман сыяктуу журналисттер да бар. Ал эми Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү конок катары катышты.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекеттик агенттиктердин кызматташуусу маалымат айдыңында алгылыктуу иш алып барууга өбөлгө болорун белгиледи.
"Азыр отурган маалымат агенттиктердин жетекчилери аймактарда болуп жаткан маалыматтык көйгөйлөрдү жөнгө салуу, социалдык тармактардагы багыттарды туура нукка салуу сыяктуу олуттуу маселелерди талкуулап, тыгыз кызматташса болот", - деди Султанбаев.
Жыйында "маалымат мейкиндигинин тазалыгы үчүн күрөш" темасы өзүнчө талкууланды. Анда мамлекеттик медиалардын өкүлдөрү бирдиктүү механизм иштеп чыгып, "фейктер менен күрөшүү жана тышкы (башка) маалыматка бирге туруштук берүүнү" макулдашты.
Жыйынга катышкандар сырткы күчтөрдүн максаты КМШ мамлекеттеринин ортосундагы "араздашууну жаратуу" деп, андан улам "коркунучтарга биргелешип каршы туруу зарылдыгын" белгилешти.
ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов Маалыматтык кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды.
Кыргызстан Орусиянын жолоюна түштүбү?
Бишкектеги жыйында көтөрүлгөн "маалымат мейкиндигинин тазалыгы үчүн күрөш" деген чакырыктар Кыргызстанда көз карандысыз медиага, эркин журналисттерге басым күчөгөн учурга туш келди. Андыктан айрым жергиликтүү медиа эксперттер жана саясат таануучулар Бишкек Москванын жолоюна түшпөйбү деп тынчсызданып турат.
Саясат талдоочу Эмил Жороевдин айтымында, КМШнын аймактык уюм катары салмагы, таасири да дээрлик жок. Бирок Москва Украинага согуш ачканы Кремль аймактык бирикмени жандандырып, активдүү колдонуу аракетин көрүүдө:
"КМШ аймагында бирдиктүү маалымат талаасын түзүү үчүн КМШнын орду болушу керек. Бирок анын орду да, ролу да жок. Бул орус бийлигинин эле кызыкчылыгындагы жана кыялындагы нерсе. Башка эч кимдин аны ишке ашырайын деген ниети жок. Андан көрө Кыргызстан өтө кылдаттык менен өзүнүн эгемен маалыматтык саясатын жүргүзүп, эч бир тараптын кызыкчылыгын колдобой турганы оң. Кандай гана маалымат болбосун ал ар тараптуу болгону дурус. Биз бир гана булакка көз каранды болуп, алардын айтканын же жазганын көчүрүп алып таратууга милдеттүү эмеспиз. Тилекке каршы, азыркы тапта биздин маалымат майданыбыз ар кандай саясий, геосаясий шериктештиктерге байланган нукта баратат. Мамлекеттин кызыкчылыктарынын бекем турушуна биз чоң иш кылышыбыз керек. Буга чейин калыптанып калгандай эле, "биздин кызыкчылык кайда? "башкалардын кызыкчылыгы кайда?" деген суроого дээрлик жооп жок".
КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусун медиа эксперт Ибраим Нуракун уулу "формалдуу жыйын" деп сыпаттады. Ал демократиялык принциптерди карманган Кыргызстандын маалымат саясаты ачык-айкындыкка, сөз эркиндигине таянышы керек дейт.
"КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги маалыматтык кызматташтык мурда деле бар болчу. Бирок согуш маалында сак болуп, маалымат саясатын жүргүзгөн органдар өтө кылдаттык менен иштеши талап кылынат. Кыргызстан орус-украин согушунда бейтарап позицияны карманып турат, мына ошону жоготуп албоо керек. Өлкө тышкы саясат, маалымат саясатында өзү карманган принциптерин бузбаганы жакшы. Биз кайсы бир коңшу өлкөлөрдүн саясатына, кызыкчылыгына көз каранды болбой, өз кызыкчылыгыбызга дал келгидей маалымат саясатын жүргүзгөнүбүз жакшы".
Орусия менен Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги саясатында, медиа коомчулукка жана жарандык коомго жасаган мамилелеринде соңку жылдары көп окшоштуктар байкалат.
Орусиядагы “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамдын аналогу 2014-жылы Кыргызстанда сунушталган. Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгөн "Чет элдик тыңчы" мыйзамынын долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова иштеп чыгып, былтыр коомдук талкууга койгон. “Адилет” укуктук клиникасынын анализине ылайык, долбоор 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөн.
Парламенттин экс-депутаты, учурда Монополияга каршы күрөш агенттигинин башчысы Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү жазылган.
Быйыл майда Москвада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путин кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу документти макулдашкан. Анын ичинде маалымат коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты тереңдетүү деген пункт да камтылган.
Кыргызстанда КМШнын макулдашуусу менен негизделген "Мир" телерадиокомпаниясынын берүүлөрү чыгат. Аймактык медианын Бишкекте өкүлчүлүгү бар. Андан сырткары Орусиянын негизги мамлекеттик телеканалдары дагы көрсөтүлөт.
Октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтөт.
Учурда бул уюмга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Орусия, Беларус, Армения жана Молдова мүчө.