Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

"Чет элдик өкүл": комитет талаштуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйындын башында бейөкмөт уюмдарды бир тараптуу жамандаган сегиз мүнөттүк видео көрсөтүлдү.

Документтин автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасап жатат жана анда мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлдөө керектигин, ачык-айкын иштеши зарылдыгын айтып, өлкөдө бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда алардын салымы болгон деген оюн билдирди.

Комитеттин жыйыны

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Буга чейин Кыргызстандагы 120дай бейөкмөт уюм парламентке ачык кайрылуу жолдоп, "чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун четке кагууга чакырган. Анда сөз болуп жаткан документте демократия принциптерине каршы нормалар бар экени, Баш мыйзамга да туура келбей турганы жазылган.

Мыйзам долбоорун парламент депутаты Назира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулуп, кийин алардын он чактысы авторлуктан баш тарткан.

Бейөкмөт уюмдардын кайрылуусу

16-сентябрда өлкөдөгү жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдошкон.

Үч барактан турган кайрылууга 120 бейөкмөт уюмдун өкүлү кол коюп, аталган мыйзам долбоору менен макул эмес экенин билдиришкен.

Анда бул долбоор Орусиянын 2012-жылы кабыл алынган “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамына коендой окшош экени белгиленген.

"Болгону “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамдан “агент” деген сөз “өкүл” деген сөзгө алмаштырылганы менен айырмаланат. Мыйзам долбоорунун айрым жоболору Кыргызстандын Баш мыйзамына жана адам укуктарын бекемдеген негизги демократиялык принциптерге каршы келет. Долбоордун бир катар жоболору Кыргызстан 1994-жылдан бери катышуучу болуп келаткан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын (ЖСУЭП) жоболоруна каршы келет" деп жазылган.

Орусиянын таасириби?

Укук коргоочу Камил Рузиев кайрылууга кол койгон активисттердин бири.

Камиль Рузиев
Камиль Рузиев

"Надира Нарматова автор катары көрсөтүлгөн бул мыйзам долбоорун буга чейин да сунуштап келген. Азыр кайра көтөрүлүп, парламенттин кароосуна коюлуп жатканында Орусиянын таасири күч деп ойлойм. Маселен, Орусиянын мыйзамдары кандай болсо дал ошону көчүрүп алып, Кыргызстанга киргизүүгө аракет кылып жатышат. Бул туура эмес, азыркы күндө жарандык активисттерди иштетпей, бейөкмөт уюмдарды жок кылуу аракети көрүлүүдө. Мыйзам кабыл алынып калса албетте укуктарыбыз чектелет, арабыз суюлуп, таасири күч болуп калат. "Демократиянын аралчасы" аталган Кыргызстандагы ондогон уюм чыгып кетүүгө мажбур болот. Азыр өзүңөр билгендей президенттин укуктары абдан көп, тилекке каршы бийликтин айтканын кабыл алып, аны аткарып, өз ою менен эсептеше албаган парламенттеги мындай көрүнүш өкүнүчтүү болуп турат".

Депутат Нарматова сунуштаган "чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети 18-сентябрда карай турганы айтылууда. Азырынча күн тартибине канчанчы маселе болуп киргени тууралуу маалымат жок.

Долбоор былтыр ноябрда коомдук талкууга коюлган.

“Адилет” укуктук клиникасы аталган документти талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Кайрылууга кол койгондордун катарында Оштогу “Гендер жана психологиялык жардам борбору”, Бишкектеги "Сезим", Караколдогу "Химая" кризистик борборлору, "Роза Отунбаеванын демилгелери" Эл аралык коомдук фонду, “Нарын жаштар ордосу”, "Элим барсыңбы" фондунун Талас филиалы, бир катар укук коргоочулар жана жарандык активисттер да бар.

Алар азыркы мыйзамдар, анын ичинде Кылмыш-жаза кодекси, жарандык жана Салык кодекси бейөкмөт уюмдарды укуктук жөнгө салууда жетиштүү деп эсептейт. Жаңы мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдардын ички ишине кийлигишүү башталат деп чочулашат.

"Мыйзам долбоорунда “Коммерциялык эмес уюмдар үчүн чет өлкөлүк жардам – бул Кыргызстанга коркунуч туудурган туруксуздаштыруучу күч” деген ой камтылган.

"Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жардамдын эң чоң, олуттуу бөлүгү мамлекеттик органдарга, анын ичинде өкмөт, Жогорку Кеңеш, министрликтер жана мекемелерге берилет. Чет элдик жана эл аралык уюмдар коммерциялык секторго да көмөк көрсөтүп турат. Буга байланыштуу Кыргызстандын ӨЭУ секторуна берилген чет өлкөлүк жардамда гана улуттук коопсуздукка коркунучту көрүү - адилетсиз. Жоопкерчиликти баамдап, мыйзам долбоорунун басмырлоочу мүнөзүн, анын Конституцияга жана кыргызстандык эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин, ошондой эле ал кабыл алынган учурда коом үчүн терс кесепеттерин эске алуу менен, биз Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбоорун четке кагууга үндөйбүз",- деп жазылган кайрылууда.

Долбоордун автору, депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

Бейөкмөт уюмдар грант бергенде жакшыбы?

Дагы бир депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан бейөкмөт уюмдар алгылыктуу иш алып барып келатканын белгилеп, алар аркылуу келген гранттык каражаттар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көмөкчү болуп жатканын белгиледи.

Тазабек Икрамов
Тазабек Икрамов

"Грант алып келсе жакшы, бийликтин кемчиликтерин оңдоо керектигин айтып койсо жаман болуп калышы керекпи? Бейөкмөт уюмдар адам укуктарын коргоого, демократиянын принциптерин сактоого жана кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртууга салым кошуп келатат. Биз аларды "чет элдик өкүл" деп бөлүп койбошубуз керек. Парламент туура чечим кабыл алат деп ойлойм. Мен башынан эле мыйзам долбоорун колдобой турганымды айткам".

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына басым тууралуу резолюция талкууланган. Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун: “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө, “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу мыйзамдын долбоору, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскерткен.

14-июлда Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген.

"Парламент баш болуп "чет өлкөлүк тыңчы" болобузбу?"

Депутат Жанар Акаев документти парламент колдобойт деген ойдо:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Өкмөт баш болуп чет өлкөдөн каржылык колдоо алып жүрөт. Ошол эле Жогорку Кеңештин компьютерлерин 8 миллион долларга Түштүк Корея аз күндө жаңылап бергени турат. Анда парламент баш болуп "чет өлкөлүк тыңчы" болобузбу? USAID тамчылатып сугаруу боюнча дыйкандарга миллиондоп көмөк көрсөтүп атат. Ооруканаларда турган жабдыктардын дээрлик бардыгы чет жердик уюмдардын колдоосу менен келет. Сырттан акча алгысы келбесе, анда мыйзамды демилгелеп аткан ошол депутаттар өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, ошол иштердин баарын аткарсын. Чет жерден акча сурабасын, тиги же бул жабдык, техника жетпейт дебесин. Бүт дүйнө ушундай шартта жашайт, бири-бирине уюмдар аркылуу көмөк көрсөтөт. Башка өлкөнүн мыйзамын алып келип таңуулоого болбойт. Акыркы учурда депутаттар демилгелеген мыйзамдардын көбү тыюуга, жабууга, токтотууга багытталып калды. Жаратмандык мыйзамдар аз. Бейөкмөт уюмдар менен иштешүүнү каалабасак өзүнчө коктуга кирип, кой кайтарып эле жашайлы. Ушундай демилгелерди көтөрүп, бийликке жагынууну каалагандар бар. Башкаларды тыңчылар деп коюп, өздөрү башка өлкөлөр менен иштеши мүмкүн. Атагы чыккан, коррупциялык схемаларды түзгөндөр көз карандысыз медиалардан, бейөкмөт уюмдардан ушундай жолдор менен арылгысы келет. Ошондуктан алар мыйзам долбоорлорду алып чыгууга кызыкдар болушат. Бирок алардын тилеги ишке ашпайт. Адилеттүү адамдардан кутулуштун бир жолу - өзүң түздөлүшүң керек".

Демилгечи болуудан баш тарткан депутаттар

Буг чейин документке демилгечи катары кошулган 32 депутаттын айрымдары "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканы айтылган. Алардын катарында Шайырбек Ташиев, Нурбек Алимбеков, Максатбек Сарбагышев, Айгүл Айдарова, Лейла Лурова, Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазовдун аттары аталган.

Мыйзам долбоорун юристтер, укук коргоочулар тобу жана бир катар медиалар ийне-жибине чейин анализдеп чыккан. Анда коомдогу ар кандай маселелерди көтөргөн активдүү жарандар, блогер, ырчылар дагы "чет өлкөлүк өкүл" макамына туш келип калышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

Долбоор коомдук талкууга коюлгандан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин мыйзамга кол койбоого чакырып келет.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве 23-июнда Жогорку Кеңеште өткөн жыйында социалдык, билим берүү, медицина, айыл чарба багытындагы долбоорлорго кедергиси тийип каларын эскерткен.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Юстиция министрлиги менен Жогорку Сот быйыл июнь айында “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбооруна терс корутунду бергенин "Азаттыкка" билдирген.

"Жогорку Сот "чет элдик өкүл" долбооруна терс корутунду берди"
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:39 0:00

Кыргызстанда бир катар талаштуу мыйзам долбоорлоруна макул болбогон жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына, эл аралык уюмдарга жана коомчулукка кайрылып келет.

Маселен июль айында кыргызстандык 30дай активист жана журналист Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында кабыл алынган "фейк" мыйзамынын ("Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө") авторлоруна виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылуу жолдогон.

“Медиа Полиси Институту” уюму чийки экенин эскерткенине карабай, июль айында парламент депутат Жамиля Исаева демилгелеген “Балдарды терс маалыматтан коргоо” мыйзам долбоорун үч окуудан колдоп берген.

Эксперттер Исаева сунуштаган мыйзам долбооруна талдоо жүргүзгөндөн кийин "цензураны орнотууга жана жарандардын маалыматка жетүүсүн өзүм билемдик менен чектөөгө багытталган, жарандардын конституциялык укуктарына карама-каршы келет" деген тыянак чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG