Молдованын туңгуч президенти Мирча Снегур көз жумду

Мирча Снегур

Молдованын туңгуч президенти Мирча Снегур 14-сентябрга караган түнү 83 жашында каза болду. Бул тууралуу республиканын биринчи парламентинин депутаты Константин Тампиза билдирди. Маалымат каражаттары ал акыркы кездери ооруп жүргөнүн жазышты.

Снегур Молдованы 1990-жылдын 3-сентябрынан 1997-жылдын 15-январына чейин башкарган. Ал президент болуп турганда дүйнөнүн 130дан ашуун мамлекети Молдованын көз карандысыздыгын тааныган.

Ошол эле учурда Снегурдун тушунда Молдованын экономикалык көрсөткүчү кескин төмөндөп, көптөгөн илимий жана долбоорлоо институттары жабылып, жумушсуздук болуп көрбөгөндөй өскөн, билим берүү тармагы артка кеткен.

Мирча Снегур 1996-жылдагы президенттик шайлоодо жеңилгенден кийин Молдованын кайра жаралуу жана тилектештик партиясынын төрагалыгына шайланган. Бул партия 2003-жылы “Биздин Молдова” альянсына кирген.

Мирча Снегурдун сөөгү Кишиневдун борбордук көрүстөнүнө коюлары кабарланды.

Дагы караңыз

Министр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалар ачыларын билдирдиБаткен: кыйын кырдаалда элге дем берген энелерХерсондогу айылды аткылоодо алты жаштагы бала набыт болду