Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Министр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалар ачыларын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив Кыргызстанда жакын арада мамлекеттик дарыканалар ачыла турганын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңштин 14-сентябрдагы жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаковдун суроолоруна жооп берип жатып айтты. Эл өкүлү дары-дармектер кымбат болгондуктан аны сатып алууга айлык, пенсия жетпей жатаканы тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү "сапаттуу, арзан баада дары-дармек саткан мамлекеттик дарыканаларды ача алабызбы?" деген суроо узатты.

"Фирмалар менен сүйлөшүп, социалдык дарыканаларды ачканбыз. Мамлекеттик дарыканаларды жакын арада ача баштайбыз", - деди министр Бейшеналиев.

Жогорку Кеңеш “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатат.

Министр сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору, медициналык буюмдарды, дары-каражаттардын ташылып келишин, туура эмес жарнамасын көзөмөлдөөгө шарт түзөрүн, электрондук башкаруу киргизилерин айтты. Депутаттар бул тармакта көйгөй көп экенин айтып, буга көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт. Негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Анда биринчиде Түркия, кийинки орундарды Орусия менен Индия турат. Ошондой эле дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция Беларус жана Украина кирет.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Кирешелүү деп сыпатталган дары базарында айланган каражаттын эсеби белгисиз. Бирок аткезчилик менен Кыргызстанга бир жылда 5 миллиард сомдук дары келери расмий маалыматтарда айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG