Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Херсондогу айылды аткылоодо алты жаштагы бала набыт болду


Согушта талкаланган үй. Иллюстрация.
Согушта талкаланган үй. Иллюстрация.

Бейшембиге караган түнү орус күчтөрү Украинанын Херсон облусундагы Новодмитровка айылын аткылаганда алты жаштагы бала набыт болду. Анын 13 жаштагы агасы оор абалда бейтапканага жеткирилгенин Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.

Снаряд жеке турак жайга тийген. Балдарга жардам берүүгө аракет кылган үч кошунасы жабыркаган.

Башкы прокуратура маалымдагандай, Орусиянын Украинада бир жарым жылдан бери уланып жаткан согушунда бери 504 бала набыт болуп, 1123төн ашууну жараат алды.

Украинанын аба күчтөрү Николаев, Запорожье, Днепропетровск жана Сумы облустарында бейшембиге караган түнү орус армиясы учурган 22 жанкечти дрондордун 17син атып түшүрүлгөнүн билдирди.

  • Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк бутага алынганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.

14-сентябрда эртең менен аннексияланган Крымдагы Евпаторияда дрон чабуулдары жана жардыруулар болгону тууралуу Телеграм каналдар жазышты. Бирок бул тууралуу расмий маалымат азырынча берилген жок.

XS
SM
MD
LG