Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:58

Баткен: кыйын кырдаалда элге дем берген энелер


2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга бир жыл толду. Бул куралдуу чатакта ондогон киши каза таап, бир катар айылдар талкаланып, өрттөлгөн. Миңдеген тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон.

“Эркиндик үнү” берүүсүндө Баткендин жигердүү аялдары менен баарлаштык.

"Чек ара жаңжалында бир келинди төрөткө алып бараткам"

“Биздин үй чек ара тозотунун жанында эле. Түк эле эч нерсем калбады. Эки үйүм, күркө, гараж, машина, "Тез жардам" унаасы, короо-сарай... Андагы төрт уй торпогу менен өрттөнүп кетти. Эч нерсени калтырбай өрттөп салышыптыр. Малды орточо эсептеп, чыгымын төлөп беришти. Ошого да шүгүр, төлөбөй койсо эмне кылат элек?”

Жашы 70тен ашса да Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймагындагы Ак-Сай айылында 55 жылдан бери дарыгер болуп иштеп келе жаткан Сайрам Зулпукарованын ак халат кийип, ушул айылда, ушул кесипти аркалай баштаганына быйыл 55 жыл болду. Азыр Ак-Сайдагы үч фельдшердик-акушердик пунктту жалгыз карап, өзү тейлейт.

“Өткөн жаңжалда да бир келинди төрөткө алып кеткен болчумун. Таңкы саат 5те жөнөп, Көк-Таш айылындагы жолдун бурулушуна жетсек, бензин түгөнүп калды. Ошол жердеги май куюучу жайдан бензин сурасак, “айыл өкмөтүңөрдүн карызы көп” деп бербей койду. Келиндин күйөөсү “өзүмдүн машинамды айдайм” деп калды. Жолдо баратсак, кыргыз чек арачылары тосту. “Мен төрөткө кетип жатам” десем, “Эже, согуш болуп жатат, бир жарым саат болду башталганына” деп өткөрбөй койду. Анан Лейлекке карап жөнөдүк. Мен башкы дарыгериме чалдым, анда да бир толгоосу келген келин бар экен, “Раваттын жолуна кел” деди. Ошол жерге жетип, келинди ага өткөрүп бердим. Өзүм жол оңдоп жүргөн тракторго түшүп, Ак-Сайга бардым да, балдарымды чыгарып келдим”.

Сайрам Зулпукарова иш үстүндө.
Сайрам Зулпукарова иш үстүндө.

Сайрам Зулпукарова азыр Чүйдүн Воронцовка айылындагы санаторийде дарыланып, ден соолугун чыңдап жатат. Ал мындай жайга 55 жылдан бери алгачкы жолу келгенин айтып, бул жакта да айылды ойлоп, “Тез жардамсыз” калган кыштагына кабатыр.

“Ак-Сайда кооптуу, жашоо кыйын болуп калды. “Тез жардам” машинасы болбосо, биз айылдан чыгып кете албай калабыз. Аны да өрттөп салышты. Ордуна жаңысын алып берише элек. Акча которулуптур, биздин жетекчилерибиз сатып алып беришке кызыкпай жатышат. Бул жактан да улам чалып жатам”.

Ал президенттен Ардак грамоталарды, “Эмгек сиңирген дарыгер” наамын алган. Мындай сыйлыктарын элдин ишеними, аманаты деп билет.

“Айылга куруучулар, милиция, күч органдары барган. Мен барып ордумда турбасам болбойт деп Баткенден айылга каттап иштеп жүрдүм. Мени эч ким күн сайын кел деп кыйнаган да жок. Кадр жок, айлык аз. Эгер айлыгыбыз көтөрүлсө, кызыгып иштеп калышса керек. Бизге баары бир, аз-көбүнө карабай иштей беребиз. Жаштар андай кылбайт экен. Мына быйыл бир жарым жылдан бери үч ФАПты өзүм жалгыз карап жүрдүм”.

Зулпукарова Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты, Аялдар кеңешинин төрайымы болуп да иштейт. Ал коомдук иштерге аралашып жүрүп, кыз баланы окутуу, билим берүү керек, алар да чечим кабыл алууга катышуусу шарт деген ойдо калган:

"Аялдарга дем-күч берип, чыдагыла, баары жакшы болот, жаманды ойлобогула деп сабырга чакырып келем. Бирок кээде өзүм да ишенбей калам. Неберелеримди окутуп жатам. Жебей-ичпесем да, ошолор окусун дейм. Уулум айтат, “кызды окутуп не кыласыз, алар эртең бирөөгө турмушка чыгып кетет, уул баланы окутуш керек” дейт. Балдар кетмен көтөрүп болсо да тиричилик кыла берет. Кыз бала мусаапыр, барган жеринде көз каранды болуп, бирөөнүн колун карабасын дейм. Уулум "анда окутуңуз" деп калат”.

“Мен чек арадан көчүп кетсем, башкалар да кетип калат

“Биринчи депутаттыкка койгондо коркком. Анда депутат кандай жумуш аткарарын билип-билбей эле шайлоого катышкам”.

Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардын дагы бири Интернационалдын тургуну Гүлнара Исакова депутат болуп келген учурун айтып жатат. Ал андан бери беш жолу депутат болуп шайланган.

“Шайлоодо жалпы талапкерлердин арасынан 525 добуш менен 1-орунга чыктым. Элге аябай ыраазы болдум. Элдин ишенимине киргениме аларды алдабаганым, сөздү аз, ишти көп кылганым, мектепте туура жетекчи боло алганым себеп болду деп эсептейм”.

59 жаштагы Гүлнара 1996-жылдан бери Интернационал айылындагы Кыргыстандын 40 жылдыгы мектебинде сабак берет. Ал 2010-2022-жылдары мектеп директору болуп иштеген. Ал азыр мектепте балдарга билим, тарбия берип, депутаттык мандат менен элге кызмат кылып жатат.

Эл арасында бийликти, мамлекеттик кызматты эркектерге энчилеп, аял киши үй оокаты менен гана алек болушу керек деген түшүнүк алигүнчө бар. Бул сенек түшүнүк коомго кызмат кылам деген аялдардын дымагына, максатына суу сепкен учурлар көп. Мындай маселеге Гүлнара да туш келген эле:

“Мен бул стереотипке багынган жокмун. Үйдөгү жумушту, балдарды, күйөөмдү карабай койгон жокмун. Мектепте долбоор жазам деп жүрүп, үйгө кеч 8-9да келген күндөр болгон. Ошондо кылган ишимдин жыйынтыгын үйдөгүлөргө көрсөтүп, аларды ынандырып, коом үчүн иштеп жатканымды айтып берчүмүн. Мындай учурлар көп болгон. Бул стереотиптер менен көп күрөшүп жүрдүм. Ар бир ишти жасаганда анын келечегин көрүүгө аракеттенип жасоо керек. Мындай чектөөлөр, түшүнүктөр ар бир үй-бүлөдө бар. Болгону аны убагында чечишип алуу керек”.

Гүлнара Исакова.
Гүлнара Исакова.

Интернационал демекчи, бул айыл да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде, босогодо жайгашкан. Чек арада жаңжал чыккан сайын бул айылдын эли качып чыгууга аргасыз болот.

“Менин үйүм менен Тажикстанды бир канал эле бөлүп турат, кошунадай жашайбыз. Сиз коркпойсузбу деп сурагандарга, “мени көрүп, айылдын башка тургундары эш тутуп жашап жатат” деп калам. Эл айылдан чыгып кеткен учурда да биз кетип калбадык. Биздин башкалардай болуп башка жерде үй-жайыбыз жок. Эки уулум да ушул каналды бойлой эле жайгашып, жашап жатышат. Жалгыз калсак да чыдап жашашыбыз керек. Биз кеттик дегиче алар жылып келиши мүмкүн. Ошондуктан да жылбай жашагым келет бул жерде. Мен ал жерден кетсем, мени көрүп башкалар да кете берет. Ошого ушул жерде турсам, башкалар да мени көрүп, жылбай жашайт деп ойлойм.

Жумуш боюнча да башка жакка сунуштар көп болду. Бирок мен жылган жокмун. Анткени дарак бир жерден көгөрөт. Мен мугалиммин. Балдарга, алар менен кошо ата-энелерине бир нерселерди үйрөтүп, кызмат кылайын дедим”.

Ал азыр сабактан тышкары ар кандай эл аралык уюмдар менен долбоорлорду жазып, мектептин жана айылдын башка инфраструктуралык, социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын айтты.

“Эркектер макул болбой, “Таза сууну” жетектеп калгам”

Мастура Надырова.
Мастура Надырова.

“Таза суу” коомдук бирикмеси түзүлгөндө, аны жетектегенге бир топ жигиттер макул болбой койду. Анан элдин чогулушунда мага сунуш кылышты, кабыл алдым. Бул ушунчалык кыйын жумуш экенин билген эмесмин да. Ага карабай чыдап, кыйынчылыктарды баштан өткөрүп келе жатам”.

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын тургуну Мастура Надырова “Ичүүчү таза суу” коомдук бирикмесин 20 жылдан бери жетектеп келе жатат. 65 жаштагы жетекчи айылдын калк көчүп бара элек жерлерине да суу жеткирип, жалпы 20 миллион сомдук долбоор ишке ашырган.

“Айрыкча Баткен районунда суу маселеси курч. Анткени биздин эки дарыябыз Өзбекстан менен Тажикстанга агат. Төрт-Гүл суу сактагычы бүтүп калган экен, ошону пайдаланып жатышат. Бирок биздин айылда абал кыйла жакшы, сууну убагында жеткирип турабыз. Кээде ремонт болуп калган учурда суудан зарыкпайбыз. Мен өкмөттүк эмес уюмдар менен көп иштешип, 50 жыл болгон суу түтүктөрүн жаңылап, эл бара элек жерге суу жеткирип алдым. Бул Кыргызстанда болбогон көрүнүш болсо керек. Суу барса, анан эл барып, там салып, отурукташат деп ойлодум”.

Надирова 2008-жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутаты да болуп кызмат кылып келет. Ал аялдардын коомдогу орду, аларга болгон түшүнүк мурункудан өзгөрдү дейт:

“20-30 жыл мурдагыга караганда аялдардын коомдогу орду өзгөрдү. Жаштар өзү аракеттенип жатат. Мурда балдар чоңоюп, күйөөң уруксат берсе гана иштей алчусуң. Азыр тең укуктуулук дегенди түшүнүп, аялдарга жеңил болуп калды. Азыр аялдар аралашпаган тармак калган жок, жүктүн баарын аялдар көтөрүп жатат. Мен аялдар сабырдуу болуп, аракет кылышын каалайт элем”.

Баткендин ар кайсы аймагында ар башка жумушту аркалаган аялдарды бир үмүт, бир тилек бириктирет. Алар чек ара тезирээк такталып, тынчтык кепилденсе эле баары ордуна келмек деп эки көздөрү төрт болуп турат.

Чек ара... Бул үй-бүлөдөгү эркектерге эле эмес, аялдарга, балдарга, керек болсо түйүлдүккө таасир этет. Анткени бир ызы-чуу чыкса эле өз үйүңдөн качууга аргасыз болосуң. Бирок качан, кандай шартта, ким менен деген суроо дайым оюңда турат.

“Кыз-келиндерге, анын ичинде кош бойлуу аялдарга ушундай кырдаал көп таасир этет. Себеби алар тынч абалда болушу керек. Мектепте окуган балдарга да психикалык таасири чоң болот. Бул үчүн психологдор менен камсыздалган ооруканалар, мектептер болушу керек. Чек арадагы айылдарга барып изилдөө жүргүзгөндө балдар түнү чочуп ойгонгон учурлар да кездеше баштады”, - деп сөзгө кошулду Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Баткенде бир катар жетекчилик кызматта иштеген Карамат Орозова.

Ал Баткендин губернаторунун орун басары, кийин облус башчысы болуп иштеген. Андан соң бир катар эл аралык уюмдардын Баткендеги өкүлчүлүгүндө иштеп, бир катар долбоорлордо жүргөн. Ал Баткенде чек арадан башка да социалдык көйгөйлөр курч экенин айтып отурду:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

“Жумуштун жоктугунан кыз-келиндерибиз дыйканчылык кылып, айрыкча өрүк, жүгөрү, төө бурчак, күн карама, тамеки өстүрүп алектенет. Анткени миграцияга көбүнчө Баткен облусунан кетишет. Ошондо кара жумуш кыз-келиндерге калат. Ушундай шартта экономикалык абал жакшырат десең, Баткендин көрсөткүчү өлкө боюнча эң артта калган. Жер дейин десең, чек арага жакын жайгашкан айылдарга 2 эле сотыхтан жер берилген. Анын көбүнө үй салып алышкан. Бош талаалар болгону менен, ага суу жетишсиз. Ичүүчү суу менен сугат суу маселеси турмуш-тиричиликке таасир этип жатпайбы”.

“Баткен администрациясында иштеп жүргөнүмдө чек арада турган аскерлерге жыл сайын чек ара күнү майрам даярдалчу. Аны ошол жердеги аялдар үйдөн тамак-аш даярдап, “Апамдын наны” деген долбоорду иштетип жүрүштү. Биздин аялдарыбыз бардык шартта мүмкүнчүлүк таап жатат. Өткөндө чек арадагы окуядан кийин президенттин Баткендеги өкүлү жарандарга сыйлык ыйгарыптыр. Карасам, гуманитардык жардам уюштурган, кызмат кылгандардын көбү аялдар экен. Ошон үчүн аялдардын мүмкүнчүлүгүн колдоно турган учур келди”.

Орозова аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу үчүн чоң саясий чечимдер зарыл деген ойдо.

“Конституцияда теңчилик деген ченем бар. Бул 50-50 дегендик. Бүгүнкү күндө өкмөттө болсун, шайлоодо болсун аял заты 20 пайыздан да ашпайт. Азыркы бийлик аялдарды кызматка көбүрөөк тартып, пайдаланса, алдыга жылганга түрткү болмок. Себеби аялдар бардык тармакта ийгилик жаратып, өзүн көрсөтүп жатат. Бизге парламенттик башкаруу керек, ага оор, көйгөйлүү жерлерден, бардык катмардан өкүлдөр келип, аялдар да көпчүлүк болушу шарт”.

Аял - үйдүн түркүгү деген менен, биз сүйлөшкөн аялдардын баары өзүн коомдогу окуяларга, кыйынчылыктарга жоопкер сезип, элдин жүгүн аркалаганга куштар. Үйдүн түйшүгү менен кошо айылдын, керек болсо өлкөнүн жүгүн көтөрүп, жигердүү жаран болууга ынтызар. Азыр алардын жалгыз эңсегени, улам тиленгени - чек ара такталып, тынчтыктын орношу. Андан калганын өзүбүз жайгарып, өз алдынча уюшуп чечип алабыз деп баарына кайыл болуп турушат.

XS
SM
MD
LG