Жакынкы беш жылда абанын табы 1,5 градус көтөрүлүшү мүмкүн

Индияда тартылган сүрөт. Иллюстрация.

2023-жылдын жай айлары тарыхтагы эң ысык мезгил болду. Экологдор жакынкы беш жылда абанын табы 1,5 градуска чейин жогорулайт деп болжолдошууда. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму менен Европадагы климаттын өзгөрүшүн изилдөө боюнча Copernicus кызматынын биргелешкен баяндамасында айтылат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Антарктидадагы муз катмары август айында орточо жылдык көрсөткүчтөн 12% азайган. Бул 1970-жылы спутник аркылуу аба ырайын байкоо башталгандан берки эң начар көрсөткүч.

Бүгүнкү күндө Антарктидадагы деңиз музунун аянты 12,7 миллион чарчы километрди түзөт. Мөңгүлөрдүн аянты 2022-жылга караганда 1,6 миллион чарчы километрге, ал эми жалпы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,6 миллион чарчы чакырымга азайган.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюму аба ырайынын рекорддук жылышын климаттын өзгөрүшүнө жана Эл-Нино деп аталган кубулуштун башталышына байланыштырышат. Бул кубулуш Тынч океандын экватордук сууларынын жылышынан улам пайда болот.

Дагы караңыз

Өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болдуБыйыл Элдик курултайга 700 делегат катышатСанариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматтан кеттиАлымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министри болот