Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министри болот


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанда Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. “Азаттыктын” бийликтеги эки булагы ырастагандай, Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Азыркы министр Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине дайындалат. Буга чейин бул кызматты Кудайберген Базарбаев ээлеп келген эле.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул кызматка жетекчи болуп Талантбек Иманов дайындалды. Ал ушул күнгө чейин санарип өнүктүрүү министри болуп турган.

Санарип өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаева убактылуу жетекчи болуп дайындалды. Ал буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикти башкарган.

Алымкадыр Бейшеналиев былтыр июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Бул чуулуу иштерден кийин Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG