Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду


Талантбек Иманов, Нурия Кутнаева, Гүлнара Баатырова жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Талантбек Иманов, Нурия Кутнаева, Гүлнара Баатырова жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Кыргызстанда Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилигине барды. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан.

Президенттин дагы башка жарлыктары менен Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул кызматка жетекчи болуп Талантбек Иманов дайындалды. Ал ушул күнгө чейин санарип өнүктүрүү министри болуп турган.

Санарип өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаева убактылуу жетекчи болуп бекиди. Ал буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикти башкарган. Бул агенттикке Алмамбет Касымбеков келди.

Андан тышкары билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду. Уланбек Усеков министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Жаңы жетекчилердин баарын тең кызматка бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу киргизилди.

Алымкадыр Бейшеналиев былтыр июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Бул чуулуу иштерден кийин Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Талантбек Иманов Санарип өнүктүрүү министри кызматына быйыл январда дайындалган. Коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын санарип министрлигинин башына келгени талаш-талкуу жараткан.

Былтыр май жана июнь айларында “Азаттык” радиосу “Министрдин артындагы Ширшовдун карааны” жана “Уландан” уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG