Казакстанда АЭС куруу үчүн референдумга даярдык жүрүүдө

Активисттердин АЭСтин курулушуна каршы пикети. Алматы облусу, Үлкен айылы. 22-август, 2023-жыл.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкө аймагында атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча быйыл референдум өткөрүүгө даяр экенин КазТАГ маалымат агенттиги жазды.

Басылма БШКнын мүчөсү Шавкат Утемисовго таянып билдиргендей, шайлоочулардын тизмеси тактоо, жана башка уюштуруу иштери уланууда. Чечим кабыл алынса, референдум быйыл өткөрүлөт.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда атомдук электр станциясын куруу же андан баш тартуу маселесин жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштаган. Энергетика министрлиги мамлекеттик органдар, парламент депутаттары, эксперттер жана коомдук активисттер менен биргеликте жакынкы аралыкта маселе тактала турганын билдирген.

Казакстандыктар арасында АЭС куруу жаатында талаш бар. Буга чейин өткөн коомдук талкууларда макул жана каршылар арасында бир пикир табылган эмес.

Дагы караңыз

Өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болдуБыйыл Элдик курултайга 700 делегат катышатСанариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматтан кеттиАлымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министри болот