Быйыл Элдик курултайга 700 делегат катышат

Былтыр Бишкекте өткөн Элдик курултай.

Элдик курултай быйыл 15-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 7-сентябрда жарыяланды. Анда мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов комитеттин биринчи жыйынын өткөргөнү, ага президенттин администрациясынын кызматкерлери жана облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышканы айтылат.

Жыйында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жана уюштуруу иштери боюнча талаптар түшүндүрүлүп, тапшырмалар берилди.

Президент Садыр Жапаров "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамга 24-июлда кол койгон. Президент сунуштаган мыйзам долбоору башында парламентте сынга кабылып, аны кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылган жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылган.

Мыйзам кабыл алынганына байланыштуу президент Садыр Жапаров 24-августта былтыркы Элдик курултайдын дегелаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча жарлык чыгарган.

Былтыр 25-26-ноябрдагы Элдик курултай президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн.

Дагы караңыз

Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министри болотУкраинанын жана Орусиянын бир канча аймагына дрондон чабуул жасалдыПрезидент Жапаров Каныбек Иманалиевди кызматтан алдыМадумаровдун иши: “Бүтүн Кыргызстан” спикерге комиссия түзүү сунушун берди