Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Украинанын жана Орусиянын бир канча аймагына дрондон чабуул жасалды


Ростов-на-Дону, 7-сентябр, 2023-жыл.
Ростов-на-Дону, 7-сентябр, 2023-жыл.

Орус армиясы акыркы бир суткада Украинанын бир канча аймагын аткылады. Запорожье облусунда 68 жаштагы пенсионер соккудан набыт болгонун аймактын башчысы Юрий Малашко билдирди. Ал баллистикалык курал менен чабуул жасалганын, зыяндын көлөмү такталып жатканын Телеграмга жазды.

Одесса ооблустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер аймакты бир нече саат бою "Шахед" жанкечти дрондору бутага алганын, Измаилдеги дан кампасы, калктуу конуштардагы турак-жай, имараттар зыян тартканын кабарлады. Бир киши жарадар болду.

Украин армиясы бейшембиге караган түнү Сумы облусуна да чабуул коюлганын, 33 дрондун 25и кулатылганын билдирди. Андан тышкары, Харьков облусу да аткыланып, онго жакын турак жай зыянга учурады.

Бир күн мурун Донецк облусунун Константиновка шаарындагы борбордук базар бутага алынганда 16 адам өлүп, 30дан көбү жарадар болгон.

Москва бул чабуулдарга комментарий бере элек.

Орусиянын бир катар аймактарынын бийликтери да 7-сентябрга караган түнү учкучсуз учактар чабуул жасаганын кабарлашты. Ростов облусунда мизи кайтарылган дрон Ростов-на-Дону шаарынын борбордук бөлүгүнө, президент Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу дайыма келип турган Түштүк аскер округунун штабынын жанына кулаганын губернатор Василий Голубев билдирди. Ал бир киши жараат алганын, бирок ооруканага баруудан баш тартканын, автоунаалар, имараттардын тосмолору зыян тартканын белгиледи.

Москванын мэри Сергей Собянин Раменский шаарчасында дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Mash Телеграм каналы учкучсуз аппараттын сыныктары Жуковский аэропортуна жакын жерге кулаганын жазды.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз үч дрондун мизи кайтарылганын, алардын бири Брянск шаарынын борборуна кулаганын айтты.

Кремль дрон чабуулдары үчүн Киевди күнөөлөйт. Украин бийлиги комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG