Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков ырастады.
Мындай чечимди 5-сентябрда директорлор кеңеши кабыл алганы айтылды. Буга чейин бул кызматта Аида Төлөгөнова отурган.
Алмамбет Шыкмаматов быйыл январь айында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматтан 5-сентябрда кеткени белгилүү болду.
Алмамбет Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.
2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган. (BTo)
Дагы караңыз
Азимбек Бекназаровдун баракчасын ачкан жаран кармалганы кабарландыАкыйкатчы институту сот жараяндарын видео, аудиого жаздыруу боюнча маалымат таратты “Конституциялык сот жөнүндө” долбоор комитетте биринчи окууда өттүИИМ улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалганын билдирдиКыргызстанда тоютту сыртка сатууга салынган тыюунун мөөнөтү узартылды“Конституциялык сот жөнүндө” долбоор ЖК комитетинде карала баштады