Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

“Конституциялык сот жөнүндө” долбоор ЖК комитетинде карала баштады


Конституциялык сот.
Конституциялык сот.

5-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор талкууланып жатат.

Тармактык комитетте юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасады. Ал мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра караларын билдирди.

Депутат Гуля Кожокулова сунушталган документ Баш мыйзамга каршы келерин, себеби Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылганын айтты. Андан тышкары “мыйзам долбоору боюнча Венеция комиссиясынан корутунду алынганбы?” деген суроо берди. Орозбек Сыдыков сөз болуп жаткан комиссиядан корутунду алынбаганын жана бул милдеттүү эмес экенин билдирди.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп жазылган.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын айтып, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG