Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга салынган тыюунун мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга (реэкспорттон, транзиттен, Министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдан сырткары) салынган тыюунун мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 5-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм жана акшакты экспорттоого болбойт. Ушундай эле чектөө арпа, күрүч жана сулууга да киргизилди.

Мекеме буга чейин азык-түлүк базарында терс кесепеттерге жол бербөө үчүн айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу пландалып жатканын билдирген. Быйыл кардын аз жаашы жана күндүн ысыгы жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратканын, бул тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн азайтканын кабарлаган.

Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга убактылуу чектөө чараларын өкмөт 2020-жылдан тартып киргизип келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG