Көкбөрүдөгү чыр: Ошто тогуз кишиге иш козголуп, бешөө эки айга камалды

Көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу кармалгандар. Ош облустук милициясы тараткан сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.

Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу милицияда баш-аягы 65 киши суракка алынды. Алардын ичинен 9 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды. Убактылуу кармоо жайда отурган дагы төрт адамдын бөгөт чарасы 4-сентябрда каралат.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме чогултулган видео тасмалардан окуяга катыштыгы барларды тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта - өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңжалда жети адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Эгемендик майрамына байланыштуу көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн “Достук” жана “Ынтымак” командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин “Ынтымак” 2:1 эсебинде жеңип алган. Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү. (DSh)

Дагы караңыз

Таласта жолоочуларды сабоого шек саналгандар эки айга камалдыМинистр Амангелдиев: Кыргызстанды эч ким тышкы карыз менен коркута албайтЖаза аткаруу кызматы Жээнбековдун кыйноого кабылганын төгүндөдүУКМК "мамлекетке чыккынчылык” беренеси менен мурдагы аскер адамы соттолгонун билдирдиУкраина согуш башталгандан бери 100 млрд доллар аскердик жардам алдыКоомдук ишмерлер Олжобай Шакир боюнча бийликке кайрылдыЗеленский коргоо министри кызматына Рустем Умаровду сунуштады