Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Украина согуш башталгандан бери 100 млрд доллар аскердик жардам алды


Ракеталык системалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ракеталык системалар. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын февраль айынын соңунан бери Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн 100 миллиард доллардын тегерегинде аскердик жардам алды. Бул тууралуу Украинанын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Алексей Резников “Укринформ” маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Ал сөз курал-жарактар, техникалар, снаряддар жана ок-дарылар тууралуу болуп жатканын жана Украинага көрсөтүлгөн жардамдын 60 миллиард долларга жакыны Америка Кошмо Штаттарына туура келерин билдирди.

Киев Батыш өлкөлөрүнөн куралдын жаңы түрлөрүн, анын ичинде орто аралыкка учуучу ракеталарды жана учактарды сурап жатат.

Украинанын өнөктөштөрү берген аскердик жардам Орусиянын армиясынын бир жылдык чыгымынан эки эсе көп. Бул мамлекеттин аскердик бюджети болжол менен 43,5 миллиард долларды түзөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG