Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Министр Амангелдиев: Кыргызстанды эч ким тышкы карыз менен коркута албайт


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстанды эч ким тышкы карыз менен коркута албай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-августта Токмок шаарында кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттукттоо сөзүндө айткан.

Министрликтин сайтына жарыяланган куттуктоодо өлкөдө консолидацияланган бюджет былтыр 442,8 млрд. сом болгону, быйыл ал 557,5 млрд. сомго жете турганы жазылган. Андан тышкары бул жылы Салык кызматы 196,1 млрд. сом, Бажы кызматы 94,6 млрд. сом чогултат деп күтүлүп жатканы белгиленген.

“Ондогон жылдар бою кыял болуп, кагаз жүзүндө гана чагылдырылган ири долбоорлорду ишке киргизе алдык. “Кумтөр” алтын кени кайтарылып, мурда “Кумтөрдөн” 10% пайда көрсөк, азыр 100%, 1,5 млрд. доллар өндүрүш колдо турат, токтобой иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтыныбыз бар. Мындан ары бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт! Тышкы карызда Кумтөр – жеңиштүү ресурс!”, - деген Данияр Амангелдиев.

Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд. 667,63 млн. долларды (496 млрд. 428,06 млн сом) түзгөн. Мунун 4 млрд. 489,7 млн. доллары тышкы карыз, 1 млрд 177,94 млн. доллары ички карыз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскерткен. Ал өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башкалардын колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG