Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленет. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышат.
Салтанаттын алкагында "Сулайман тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.
Ош улуттук драма театрында "Ош - достук шаары" фестивалы болот. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт.
Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигин жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.
Былтыр эгемендик күнүндөгү негизги салтанант Чүй облусунда Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак жайлоосунда өткөн жана анда Байтик баатырдын 200 жылдыгы кошо белгиленген.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.
Дагы караңыз
Британия Кыргызстанга чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшөтАКШ: Москва курал жөнүндө Пхеньян менен тымызын сүйлөшүп жататБШК: Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот Кыргызстанда жарандарды миграцияга даярдаган борборлор ачылат Ленин округундагы кайра шайлоо: Кадыралиеванын арызы иликтенетАкылбек Жапаров Кумтөр Насирдин Исановдун өмүрүн алганын айтты Маданият министрлиги Кыргызстанда ТикТоктун колдонулушуна тыюу салды