Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

АКШ: Москва курал жөнүндө Пхеньян менен тымызын сүйлөшүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттары Орусия Украинага каршы согушка керектүү курал-жарак алуу үчүн Түндүк Корея менен тымызын сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирбинин божомолунда, Москва өзүнүн коргоо өнөр жайына керектүү чийки зат алуу тууралуу дагы келишим түзүшү мүмкүн.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Линда Томас-Гринфильд буга байланыштуу Москваны дагы, Пхеньянды дагы айыптады.

"Бул курал-жарактардын артынан түшүү менен Орусия убагында өзү колдоп добуш берген БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузат. Куралга байланыштуу кандай гана келишим болбосун ал Түндүк Корея өзөктүк сыноолорду өткөрүп, баллистикалык ракеталарды учургандан кийин бир добуштан кабыл алынган Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу болуп саналат",-деди Томас-Гринфильд.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага согуш ачкандан бери алакасын бекемдегенге аракет кылып жатат.

Буга чейин эки өлкөнүн лидерлери аскердик тармакта тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилешкен.

Өткөн айда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда болгон. Ал Түндүк Кореянын армиясын "дүйнөдөгү эң күчтүү куралдуу күчтөр" деп атаган.

Түндүк Корея - Орусия жана Сирия менен катар былтыр күздө Украинанын төрт облусунун аннексиясын тааныган өлкө.

XS
SM
MD
LG