Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

БШК: Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот


Өмүрбек Бакиров жана Равшанбек Рысбаев. Коллаж.
Өмүрбек Бакиров жана Равшанбек Рысбаев. Коллаж.

Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округунда кайра шайлоо өтпөйт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30-августтагы жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордунда Равшанбек Рысбаев Жогорку Кеңештин депутаты болот.

БШК 26-августта Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган. Бакиров бул чечимди "мыйзамсыз" деп атаган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Бакиров анда “Азаттыкка” комментарий берип жатып, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

Өмүрбек Бакиров 29-августта Ош облустук милициясында 2021-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак берген. Анын адвокаты мандатынан ажыраган депутат дооматтарды четке какканын билдирген.

XS
SM
MD
LG