Ош облусундагы Ноокат районунда 30-августта Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси белгиленди. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мамлекеттик, саясий, коомдук жана маданий ишмерлер катышты.
Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө Исанов "өмүрүн мамлекетти курууга арнаган мамлекеттик ишмер, жаратман инсан" болгонун белгиледи. Ошондой эле өзүн 90-жылдары өлкө экономикасынын абалын "эң жакшы түшүнгөн өкмөт башчы" катары көрсөткөнүнө токтолду. Насирдин Исановдун өмүрү Кумтөрдүн айынан кыйылганын билдирди.
"Исанов Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенин алдырбоонун үстүндө катуу аракеттерди көргөн. "Кумтөрдү өзүбүз иштетсек болот" деген позицияда болгон. Урматтуу агайын-туугандар, бүгүн Насирдин Исановдун мааракесинде тарых үчүн анын өлүмүнүн себебин ачык айтууга милдеттүүбүз. Насирдин Исановдун өмүрүн эл аралык афферист, алдамчы Бирнштейн алды дейбизби, неси болсо да, биздин айтарыбыз: Кумтөр – Насирдин Исановдун өмүрүн алган! Кумтөр бир жаркын инсаныбыздын өмүрүн алса дагы, акыры Кумтөрдү кыргыздын дагы бир азаматы жеңип чыкты. Ал – Садыр Жапаров. Ал дагы башын сайды, акыры жеңип чыкты",-деди Жапаров.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров маркум Насирдин Исановго "Кыргызстандын баатыры" наамын ыйгарган.
Кыргызстандын туңгуч премьер-министри 1991-жылы Бишкек-Ош жолунда табышмактуу жагдайда жол кырсыгында каза тапкан. Кырсыктын башка катышуучулары аман калган.
Исановдун ошол маалдагы Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө башкалардан айырмаланган принципиалдуу позициясы жана тиешелүү документтерге кол коюп бербегени - анын табышмактуу өлүмүнө себеп болгон деп сыпатталып келет.
Дагы караңыз
Маданият министрлиги Кыргызстанда ТикТоктун колдонулушуна тыюу салды Кыргызстанда келерки Элдик курултай 15-декабрда өтөт Бишкекте мектептердеги коррупцияга шек саналып дагы эки адам камалдыСириядан Кыргызстанга 31 аял жана 64 бала алынып келди Министр Текебаев Ноокаттын жолуна асфальт төшөө аяктаганын билдирди