Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Бишкекте мектептердеги коррупцияга шек саналып дагы эки адам камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы мектептерге балдарды 1-класска киргизүүдөгү коррупциялык схема аныкталып, эки адам камалганын билдирди. Анда Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А.Г.М менен А.К.О. аттуу жаран тымызын келишип алып, балдарын мектепке жаңы киргизип жаткан ата-энелерден акча чогултуп алып жүргөнүн кабарлады.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында А.К.О. аттуу жаран ортомчулук кылып, баланы 1-класска киргизүү үчүн 20 миң сом алып жатканда кармалды. Коррупциялык схема уюштурууга шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алып, дагы башка фактылар, ага тиешеси бар адамдар тууралуу да маалымат беришкен. Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында УКМК Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жатканда кармалганын билдирген. Ал балдарын 1-класска киргизген ата-энелерден акча жыйнаган коррупциялык схема түзүп алганын маалымдаган.

"УКМК бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, К.А.Т. аттуу мектеп директорун тергөө абагына киргизди. Ал баюу максатын көздөп, билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишип алып, балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схема уюштуруп алган. Натыйжада баласын мектепке жаңы берген ата-энелерден опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбесин айтып коркуткан. УКМК Бишкекте ушундай фактылар көп экенин белгилейт жана коррупциялык схемаларды жок кылуу иштери уланып жатканын эскертет",- деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги жана шаардык мэрия бул фактыларга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Анын негизинде мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган. Ага жол берген мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.

XS
SM
MD
LG