Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Министр Текебаев Ноокаттын жолуна асфальт төшөө аяктаганын билдирди


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош-Баткен-Разаков жолунун Ноокаттагы тилкесине асфальт төшөө аяктаганын билдирди. Сентябрга чейин жол сызыктары чийилип, белгилер орнотуларын айтты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бул жолдун оңдолушун өз көзөмөлүнө алганынын билдирген. Ал өткөн айда өкмөттүн жыйында жол сентябрга чейин оңдолуп бүтпөсө Текебаевге кызматынан алынарын эскерткен.

Буга чейин Ноокаттын жолунун абалына байланыштуу сын-доомат айтылып келген.

Ош-Баткен-Разаков жолунун Ноокат тилкесин оңдоо ушул жылдын март айында башталган. Бул жолдун жалпы узундугу 392 чакырым, аны оңдоого сырттан 416 миллион доллар алынган.

Быйыл өлкөдө 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылганы айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул убакытка чейин жол куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2,5 миллиарддан ашык доллар насыя алган.

Жогорку Кеңеште буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Кыргызстанга негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытай берген.

XS
SM
MD
LG