АКШ Украинага дагы 250 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөт

Украинадагы согуш тилкесинде колдонулуп жаткан HIMARS комплекси. 5-ноябрь, 2022-жыл.

Кошмо Штаттары 29-августта Украинага аскердик жардамдын кезектеги топтому жөнөтүлөрүн билдирди. Тизмеде абадан коргоо системасына керектүү AIM-9M үлгүсүндөгү ракеталар, HIMARS комплексинин ок-дарылары, минаны зыянсыздандырган жабдуулар бар.

Voice of America сайты кезектеги аскердик жардам Пентагондун запастарынан бөлүнгөнүн жазды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө Вашингтон Киевге Орусиянын чабуулунун мизин кайтарууга жардамды уланта берери жазылган.

"Бул согушту Орусия баштады жана каалаган учурда Украинадан аскерлерин алып кетип, ырайымсыз чабуулун токтото алат. Ага чейин Кошмо Штаттары жана биздин өнөктөштөр канча зарыл болсо ошонча убакыт Украина менен бирге болот",-деп белгиленген билдирүүдө.

Эки апта мурун Пентагон Украинага 200 миллион долларга бааланган аскердик жардам берилерин билдирген.

Соңку жардам 2021-жылдын август айынан бери АКШ Украинага жөнөткөн аскердик жардамдын 45-пакети болуп калмакчы. Буга чейин Вашингтон Украинага 43 миллиард доллардык жардам көрсөткөн.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Учурда украин армиясы менен орус күчтөрүнүн салгылашуулары негизинен өлкөнүн чыгыш жана түштүк тараптарында уланууда.

Дагы караңыз

Министр Текебаев Ноокаттын жолуна асфальт төшөө аяктаганын билдирди Сириядан Кыргызстанга 31 аял жана 64 бала алынып келди Электросталь: мушташта жараат алган кыргыз жаранынын абалы жакшыСадыр Жапаров Жалал-Абад экинчи экономикалык борбор болорун айтты Улуттук банк учурда 50 тоннадай алтын сакталып турганын билдирди Футболдогу жаңжал: Лиус Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады