Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Футболдогу жаңжал: Лиус Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады


Луис Рубиалес жана Испаниянын курама тобунун футболчулары.
Луис Рубиалес жана Испаниянын курама тобунун футболчулары.

Испаниянын футбол федерациясынын кызматынан убактылуу четтетилген башчысы Луис Рубиалестин апасы уулун коргоп ачкачылык жарыялады.

Ал мындай акциясын баласына карата "адамгерчиликке жатпаган каралоо" жүрүп жатканы менен негиздеди.

Ал арада өлкөнүн Улуттук сотунун прокуратурасы Испаниянын курама тобунун чабуулчусу Жениффер Эрмосону оозунан өпкөн Рубиалеске карата "сексуалдык зомбулук" фактысы менен териштирүү баштады. Прокурорлор Эрмосонун өзү менен байланышып, зомбулуктун курмандыгы катары 15 күндүн аралыгында арыз менен кайрыларын күтүшмөкчү.

Өткөн аптада Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) бул жаңжалдан улам иликтөө жүрүп жаткандыктан Рубиалести кызматынан убактылуу четтеткен.

Рубиалес Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин сүйүнгөнүнө чыдабай Эрмосону оозунан өөп алган. Буга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, өкмөттө анын жосунсуз жоругу үчүн кызматтан кетирүү талабы көтөрүлгөн.

Луис Рубиалестин бул кылыгын Испаниянын премьер-министри Педро Санчес дагы айыптап, аны "жол берилгис ишарат" деп атаган.

Рубиалес кечирим сураганы менин кызматынан кетүүдөн караманча баш тартып жаткан.

33 жаштагы футболчу айым аны өпкөнгө уруксат бербегенин, Рубиалестин аракети "жакпаганын" билдирген.

20-августта өткөн аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.

XS
SM
MD
LG