Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:47

Электросталь: мушташта жараат алган кыргыз жаранынын абалы жакшы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Москва облусуна караштуу Электросталь шаарындагы мигранттардын калайман мушташы тууралуу маалымат берди. Анда "Фрязево" темир жол станциясындагы жаңжалда кыргызстандык бир жараан жараат алганы, ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Электросталь шаарынын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган аймактагы тиешелүү органдарга каттарды жөнөттү",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Электросталда ондогон мигрант жаңжалдашканы, анда кыргызстандык бир жаран бычак жегени тууралуу маалыматтар чыккан. Ага ылайык, калайман мушташ кайым айтышуудан башталган.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар өз ара мушташкан учурлар буга чейин дагы катталган.

Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө бир миллиондон ашуун кыргызстандык жаран бар.

XS
SM
MD
LG