CPJ кыргыз бийлигин "Клоопту" жоюу арызын кайтарып алууга чакырды

Кыргызстандын бийлиги коррупцияга каршы журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Kloop Media басылмасын жоюу боюнча арызын кайтарып алышы керек. Бул тууралуу эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 28-августтагы билдирүүсүндө айтылат.

"Кыргыз бийлигинин "Клоопту" жабуу арызы – өлкөдөгү журналисттик иликтөөнү, ичинде жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү муунтууга багытталган чектен чыккан жана өтө уятсыз аракет болуп саналат", - деген CPJ программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратуранын катында “Клоопко” 2021-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы да айтылды.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай иш-аракеттерине мурдатан даярданып келгенин, артка чегинбей турганын айтты.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы сөз болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Министр Иманалиев мугалимдерге пансионат салынарын билдирдиКаныбек Иманалиев бала бакча ачуу үчүн түзүлгөн шарттарды атадыЧек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр жок Министрлик Киров суу сактагычында абал өзгөрө электигин кабарлады