Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр жок


"Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Архив.
"Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Архив.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде 29-августта кезек күтүү жок экенин билдирди. Учурда бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

Кезек күтүүлөрдүн азайышы 28-августта байкалган. Бул күнү бир гана “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгын болуп, 140 автоунаа кезек күтүп турган.

“29-август саат 10:00гө алынган маалымат боюнча “Ак-Тилекте” да кезек күткөндөр жок”, - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр 20-августтан баштап пайда болгонун билдирген. Мекеме мындай абал үчүн Казакстанды "Евразиялык экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат" деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

25-августта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министри Арзыбек Кожошев Астана кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды териштирүү үчүн түзүлгөн байкоо тобунун расмий кайрылуусуна жооп бере электигин айткан.

26-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырганы маалым болгон.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

XS
SM
MD
LG