Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Министр Иманалиев мугалимдерге пансионат салынарын билдирди


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат салына турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 29-августта билдирди. Анын мугалимдердин август конференциясында айтканына караганда, 25-августта бул боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берген.

Министр 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын, долбоордун жер маселеси чечилгенин билдирди. Министр бул турак жай кайсы жакка салынарын жана шарттарын тактаган жок.

Коомчулукта Кыргызстанда мамлекет эсебинен курулган батирлер көбүнчө айлыгы чектелүү мугалим, дарыгерлерге эмес, күч кызматкерлерине берилип жатат деген сын айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров былтыр мамлекет мындан ары мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бура турганын айткан. Ал бул багытта жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалаган.

Кыргызстанда мектептерде билим берген мугалимдердин саны 82 миңдин тегерегинде.

XS
SM
MD
LG