Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Каныбек Иманалиев бала бакча ачуу үчүн түзүлгөн шарттарды атады


Кыргызстандагы бала бакчалардын бири.
Кыргызстандагы бала бакчалардын бири.

Кыргызстанда алдыдагы 5-7 жылда бала бакчага барган балдардын санын 90% жеткирүү каралууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” деп аталган конференцияда билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, 2012-жылы бала бакчага барган балдардын саны 12% гана түзсө, учурда 26% жетти.

“Өкмөттүн токтому менен эми балдарды бала бакчага камтууну Бишкек, Ош шаарларында бир жылда 10%, облус, район борборлорунда, шаарларда 10-12%, ал эми шарты катаал айыл жерлеринде 5-7% көбөйтүп отурсак, алдыдагы 5-7 жылда мектепке чейинки курактагы балдардын 90% бала бакчага барып калат деген үмүт бар”.

Министр административдик-аймактык реформанын алкагында өлкөдө 200дөн ашык имарат бошогонун, аларды бала бакча үчүн алууну сунуштай турганын билдирди. Ошондой эле бала бакча ачам деген ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча өкмөттүн токтому чыкканын кошумчалады.

Иманалиев жакында кабыл алынган Билим берүү жөнүндө мыйзамда бала бакча ачуу үчүн шарттар жеңилдегенин, аны министрликке маалымдап коюу менен ачууга жол берилерин белгиледи.

Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте жана башка чоң шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч көйгөйлөрдүн бири. Расмий маалымат боюнча өлкөдөгү 1 млн 200 миң баланын 900 миңи бала бакчага барбайт.

XS
SM
MD
LG