Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кароосуз калган мамлекетке же мамлекеттик мекемелерге таандык пансионаттар 49 жылга ижарага берилерин айтты. Ал 29-августта Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, инвестиция салууга, оңдоп-түзөп, мейманкана курууга чакырды. Кызыккандар Мамлекеттик мүлк агенттигине кайрылса болорун билдирди.
"Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. "Инвестиция салам, мен алам" деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманкана салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестицияңарды кыска убакта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. "Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар" деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Кимде-кимди кызыктырган болсо Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер жана башкалар салынышы керек. Субарендага уруксат жок",-деп жазды Жапаров.
Садыр Жапаров сөз кайсы пансионаттар тууралуу болуп жатканын тактаган жок.
Ушул айдын башында өкмөт көлдөгү төрт пансионатты өзбекстандык компанияларга узак мөөнөттөгү башкарууга берген.
Мамлекеттик мүлк агенттиги бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун, жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айткан.
Төрт пансионаттын коңшу өлкөгө берилиши талаш-талкуу жаратып жаткан.
Дагы караңыз
Орусия: "Сахарово" борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып туратУКМК ири ресторандарга ээлик кылган мурдагы айыл өкмөт кармалганын билдирдиОоганстан: талибдер аялдарга Банде-Амир паркына барууга тыюу салды Өзбекстанга Кыргызстандан алты айда 913 миңдей адам барып келдиКурманкул Зулушевдин кайниси үй камагына чыкканы белгилүү болду УКМК Аспековдун күнөөлүү эместиги тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү