Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Өзбекстанга Кыргызстандан алты айда 913 миңдей адам барып келди


Кыргыз-өзбек чек арасы, "Достук" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы, "Достук" өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Өзбекстандын Статистика агенттиги соңку алты айда өлкөгө келип-кеткен чет өлкөлүк туристтер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Өзбекстанга эң көп каттаган тажик жарандары болуп, алардын саны 1,1 миллиондон ашкан. Экинчи орунга Кыргызстан чыккан жана барып келгендердин саны 913 миңге чамалаган. Андан кийинки орунда Казакстан турат жана Өзбекстанга 880 миңдей казак жараны кирип-чыккан.

Келерки айдан тартып Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан ID паспорт менен өтө алат. Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда карап, жактырган.

Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл төрт айда Өзбекстандан Кыргызстанга 1 млн 618 миң киши кирип, Кыргызстандан чеке арасы аркылуу ал өлкөгө 1 млн 574 миң 732 киши чыкканын билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

XS
SM
MD
LG