Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Курманкул Зулушевдин кайниси үй камагына чыкканы белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 30-майда эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган кайнисин үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" аталган соттон ырасташты. Ага ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Н.Н.Кнын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Бөгөт чарасынын мөөнөтү 7-июлда каралып, 14-сентябрга чейин узартылган.

УКМК буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Атайын кызмат ушул жылдын март айында Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Алар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганын кабарлаган. Кармалгандардын арасында башкы прокурордун бир тууган кайниси дагы болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу дагы бардыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-майда Зулушевдин кайниси бар экенин бышыктап, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын билдирген. Анда зыянды эки эселеп төлөп беришсе абактан чыгарышарын айткан.

"Булар Кытайдан товарлар келгенде аны Ошко алып барып кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп бажынын мөөрүн басып, бирок бош машина өтүп турган. Бул жерде акциздери, бажы төлөмдөрү төлөнбөй калды. Ар бир машинадан Кыргызстан 50 миң доллардын тегерегинде зыян тартып жатат. Биз 19 машинаны кармадык. Күнөөсүн тактай келгенде баш прокурордун кайниси дагы ошолордун арасында чыгып калды. Бардыгы эле жоопко тартпаса керек, камалбаса керек деп ойлошкон. Камабай эле койгула деп аракет кылгандар дагы болду. Алардын мамлекетке келтирген зыяны толук такталып бүттү, мыйзамда каралгандай алар зыянды эки эсе кылып төлөй турган болсо, аларды чыгарганга милдеттүүбүз. Мыйзамда ушундай берене бар. Алар азырынча бир дагы сом төгө элек", - деген Ташиев.

Бажы кызматы коррупцияга шек саналып кармалган кызматкерлери тууралуу комментарий берип, бул иш мекеменин төрагасы Самат Исабековдун жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

Кыргызстанда бажы тармагы эң коррупцияга баткан тармак экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG