Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Ооганстан: талибдер аялдарга Банде-Амир паркына барууга тыюу салды


Соңку эки жылда талибдер аялдар укугун кыйла чектеген чечимдерди чыгарды. Иллюстрациялык сүрөт.
Соңку эки жылда талибдер аялдар укугун кыйла чектеген чечимдерди чыгарды. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган өкмөтүн башкарып жаткан "Талибан" кыймылы аялдарга Бамиан провинциясындагы Банде-Амир улуттук паркына барууга тыюу салды. Бул чечимди парктын аймагында кыз-келиндер хижаб кийүү эрежесин сактабай жатканы менен негиздеди.

Өкмөттүн өкүлү Мохаммад Халед Ханафи дин ишмерлерине жана коопсуздук кызматтарына кайрылып, маселени чечүү жолу табылгыча аялдардын паркка киришине тыюу салууга чакырды.

Банде-Амир 2009-жылы Ооганстандагы биринчи улуттук парк болуп калган жана ошондон бери адамдар үй-бүлөсү менен чогуу эс алган белгилүү жайга айланган.

Бамиандын дин аалымдары бул паркка барган жана эрежени сактабаган аялдар жергиликтүүлөр эмес экенин айтты.

Ооган парламентинин мурдагы депутаты Мариам Солайманхил Х социалдык тармагына (мурдагы Твиттер) тыюу салууга байланыштуу ыр жарыялап, "Биз келебиз, мен буга ишенем" деп жазды.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлү Ферешта Аббаси бул чечимди "ооган аялдарын сыйлабастык" деп атады.

Талибдер бийликке келгенде байистүү саясат жүргүзүп, аялдар укугун шарыяттын негизинде сактоого убада берген. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кабулдагы режим ооган аялдарынын укугун сыйлап, сактаган шартта гана Кошмо Штаттары "Талибан" кыймылы менен мамилесин жакшыртуусу мүмкүн экенин билдирген.

Ооганстанда соңку эки жылда аялдар укугу кыйла чектелди, кыздардын билим алышына тыюу салынды. Аялдар парк, жармаңке өңдүү коомдук жайларга, спорт залдарга бара албай калды жана такай чүмкөнүп жүрүүгө милдеттүү болду.

Өткөн айда Ооганстанда сулуулук салондору жабылган.

XS
SM
MD
LG