Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва облусундагы "Сахарово" миграциялык борборунда кармалып турган кыргызстандык жарандардан кабар алды. Омбудсмен институтунан кабарлашкандай, ал айрым учурларды өз көзөмөлүнө аларын билдирди.
"Акыйкатчы бул борбордо убактылуу кармалып турган кыргыз жарандары менен жолугуп, аларды кармоо шарты менен таанышты. Жаманбаева барган маалда миграциялык мыйзамдарды бузууга шек саналып кармалган 209 кыргызстандык болгон. Алардын айрымдарынын ишин, жагдайын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды",-деп жазылган маалыматта.
Соңку күндөрү Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү. Өткөн аптанын аягында Хабаровск шаарында полициянын рейди учурунда качууга аракет кылган 20 жаштагы кыргыз жараны октон жараат алып, оор абалда ооруканада жатат.
Өткөн айдын соңунда такси айдаган мигранттардын жапырт кармалышы боюнча видеолор социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууланган.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран бар.
Дагы караңыз
Кызыл-Кыя: жолбун ит капкан сегиз адамдын алтоо ооруканадан чыктыОоганстан: талибдер аялдарга Банде-Амир паркына барууга тыюу салды Өзбекстанга Кыргызстандан алты айда 913 миңдей адам барып келдиКурманкул Зулушевдин кайниси үй камагына чыкканы белгилүү болду УКМК Аспековдун күнөөлүү эместиги тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү