Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-29-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18°. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

28-августта туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

29-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 10…12, күндүз 26…28 градус жогору болот.

Дагы караңыз

Сокулукта жер коррупциясына шектүү 26 кишинин иши сотко өттүСадыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри менен жолукту Иранда белгилүү ырчыга хижабга каршы чыгармасы үчүн кылмыш иши козголдуПолтавада Орусиянын чабуулунда эки адам мерт болуп, бешөө жараат алды