Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Сокулукта жер коррупциясына шектүү 26 кишинин иши сотко өттү


Бишкектин четиндеги конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп сатууга шектүү 26 адамга козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 28-августта Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Сокулук районунда “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон, алар жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүп сатуу боюнча туруктуу байланыш түзүп алышкан деп шек саналууда.

“2011-жылдан бери Сокулук районунун"Кадастр" жана архитектура мекемелеринин, Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө пайда көрүү максатында Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунун №481-1 контурунда жайгашкан эки кварталдын башкы планына атайылап туура эмес маалымат киргизип, натыйжада кошумча 43,2 гектар жер тилкесин бөлүп, аны 5 соткадан бөлүштүрүп, 614 кишине жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберишкен. Ошентип, алар мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен”, - деп билдирди облустук милиция.

Чүй облусу борбор шаары Бишкек менен чектешкендиктен бул аймакта жер башка облустарга караганда кыйла кымбат. 2005 жана 2010-жылдардагы бийлик алмашуу учурунда кээ бир жерлерди басып алышкан, учурда алардын айрымдарын мыйзамдаштыруу жараяны жүрүп жатат.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

XS
SM
MD
LG