Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри менен жолукту


Садыр Жапаров менен Рияд Аль-Малики.
Садыр Жапаров менен Рияд Аль-Малики.

Президент Садыр Жапаров 27-августта Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен келген Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики менен жолукту. Анын басма сөз кызматы анда өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланганын билдирди.

"Садыр Жапаров министрдин Кыргызстандагы сапарынын алкагында эки өлкө маанилүү келишимдерди түзүп, мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулай алат деген ишенимин билдирди. Кыргызстан Палестина менен жогорку деңгээлдеги диалогду жандантууга ар дайым даяр экенин айтты. Министр Палестина эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн саясий диалогун колдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттарында кызматташууну жолго коюуга кызыкдар экенин белгиледи. Эки тараптуу мамилелерде эбегейсиз потенциалды эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин жогорулатууну каалады",- деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле палестин министри алака-катышты өнүктүрүү үчүн Өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү, эки өлкөнүн эксперттеринин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташуусун жана тажрыйба алмашуусун активдештирүүнү сунуштаганы кабарланды.

Ушул жылдын июнь айында Палестинанын президенти Махмуд Аббас Кытайдагы мамлекеттик сапарынан кайтып баратканда Кыргызстанда жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар менен болуп, Садыр Жапаров менен жолуккан.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1995-жылдын сентябрь айынан тарта башталган.

XS
SM
MD
LG