Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Полтавада Орусиянын чабуулунда эки адам мерт болуп, бешөө жараат алды


Москва жайкын тургундардын өмүрүн алган жарандык объекттерге жасалган чабуул тууралуу дооматтарды четке кагат. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва жайкын тургундардын өмүрүн алган жарандык объекттерге жасалган чабуул тууралуу дооматтарды четке кагат. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Полтава облусунда 28-августка караган түнү орусиялык армиянын чабуулунда кеминде эки адам набыт болуп, дагы беш киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Дмитрий Лунин кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, чабуулда өндүрүш объектиси жана өнөр жай ишканасы жабыркады. Учурда куткаруучулар жеринде иштеп жатат.

Мерт болгондор жана жараат алгандар бул ишканаларда түнкү нөөмөттө иштеп жаткан.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак бул түнү Кривой Рог шаарына дагы чабуул болгонун билдирди. Анда эки дача талкаланып, дагы беш үй жабыркаганын айтты. Ошондой эле чабалык курулуш өрттөнүп кетти.

Бул түнү Украинанын бир топ аймактарында абадан эскертүү берилип, ал таңга маал алынды. Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү Кара деңизден "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар атылганын кабарлады.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Москва жайкын тургундардын өмүрүн алган жарандык объектилерге жасалган чабуул тууралуу дооматтарды четке кагат.

XS
SM
MD
LG