ERR: Эстон өкмөт башчысынын күйөөсү Орусияга жүк жеткирип акча табат

Эстониянын премьер-министри Кая Каллас. Таллин. 6-март, 2023-жыл.

Эстониянын Улуттук телерадиокорпорациясынын (ERR) журналисттери премьер-министр Кая Калластын күйөсү Арво Халлик Орусияга жүк жеткирип акча табарын иликтеп чыгышкан.

Алардын маалыматына караганда, Арво Халликтин Stark Logistics транспорт компаниясында үлүшү бар. Бул ишкана Орусия менен кызматташары аныкталган.

24-августта Эстониянын президенти Алар Карис өкмөт башчыдан бул боюнча түшүндүрмө талап кылды.

"Украинанын көз карандысыздыгын белгилеп жаткан маалда мен үчүн бул тууралуу айтуу бир аз кейиштүү. Бирок коомчулук өкмөт башчыдан бул боюнча түшүндүрмө беришин күтүп жатат", - деди Алар Карис.

Каллас өзү иликтөө боюнча кыска гана жооп берди. Ал мамлекеттик кызматта экенин, Stark Logistics компаниясына тиешеси жоктугун жана бул тууралуу бардык суроолор ишканага узатылышы керек экенин айтты.

Орусия Украинага согуш ачкан күндөн тарта Эстония - Киевге активдүү колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бири. Расмий Таллин украиндерге каржылык жактан гана жардам бербестен, курал-жарак да жөнөткөн. Ал эми өкмөт башчы Кая Каллас орусиялыктарга Евробиримдикке кирүү визасын берүүнү токтотууга чакырып келет.

Дагы караңыз

Кожошев Казакстан ЕЭКтин чек арадагы тыгын боюнча кайрылуусуна жооп бере электигин билдирдиУКМК Таластагы эки жүздөй мечитти текшердиОрусия Крым дрондор чабуулуна кабылганын билдирдиДональд Трамп камалып, күрөөгө бошотулду