Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Орусия Крым дрондор чабуулуна кабылганын билдирди


Крымдагы жарылуулар. 2023-жылдын 25-м
Крымдагы жарылуулар. 2023-жылдын 25-м

25-августка караган түнү Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Дрондордун чабуулу учурунда Севастополдон тартылган видеолорду жергиликтүү телеграм-каналдар жарыялашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги жалпысынан өткөн түнү Крымда 42 украиналык учкучсуз учак жок кылынганын, алардын тогузун абадан коргонуу системасы, ал эми 33үн радиоэлектрондук каражаттар менен аныктап, максатына жеткирбей жок кылышканын билдирди.

24-августта эртең менен украин аскерлеринин тобу аннексияланган Крымдын аймагына учуп барып, “атайын операция” жүргүзгөнүн Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов маалымдаган. 23-августта украин тарап Крымдын батышындагы Тарханкут тумшугунда жайгашкан орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринин бирин жарактан чыгарганын жарыялашкан.

Жабыркагандар жок экени маалымдалды.

Учкучсуз учактардын айынан өткөн түнү Орусияда "Внуково", "Домодедово", "Шереметьево" жана "Жуковский" аэропорттору жарым сааттай ишин токтотуп турду.

Дээрлик бир жарым жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан, 2014-жылы Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алган Украина жогоруда айтылган чабуулдар боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG