Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

УКМК Таластагы эки жүздөй мечитти текшерди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусундагы эки жүзгө жакын мечит, намазкананы текшерүүгө алганын билдирди.

Жыйынтыгында 192 мечиттин бешөө каттоодон өткөн эмес, 172синин өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербестиги, 107синде санитардык-гигиеналык талаптар сакталбаганы аныкталган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 29 мечит өткөн эмес.

Мечиттерди текшерүүгө мамлекеттик тийиштүү органдардан атайын топ түзүлүп, жогорудагы кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Атайын кызмат мындай текшерүүлөр бүт өлкө аймагында жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганын билдирди. Буга чейин УКМК Ош облусун текшерип, 60тан ашуун мечит, медресенин ишин токтоткон.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге таандык.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын инкар" жана башкалар бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG