Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

Кожошев Казакстан ЕЭКтин чек арадагы тыгын боюнча кайрылуусуна жооп бере электигин билдирди


ЕЭКтин мониторинг тобу Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү менен. 24-август, 2023-жыл. "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.
ЕЭКтин мониторинг тобу Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү менен. 24-август, 2023-жыл. "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Казакстан Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды териштирүү үчүн түзүлгөн байкоо тобунун расмий кайрылуусуна жооп бере элек. Бул тууралуу аталган топтун төрагасы, ЕЭКтин министри Арызбек Кожошев “Азаттыкка” билдирди.

“Биз 24-августта кыргыз тарап менен жолугуп, керектүү маалыматтарды алдык. Казак тарапка өтөлү десек, алар бийликтен эч кандай билдирүү болбогонун айтып, бизди кабыл ала албайбыз дешти. Биз аларга дагы эки күн бул жакта болорубузду айтып, күтөбүз дедик. Алардын жообун бүгүнкү күндө да күтүп жатабыз. Бирок алардан расмий жооп ала элекпиз”, - деди Кожошев.

Ал 24-августка караган түнү чек арадан 250, 25-августтун түнүндө болсо 230 автоунаа өткөрүлгөнүн, бирок дагы эле кезек күткөндөр азайбаганын кошумчалады.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги чек ара өткөрмө бекетиндеги кезек күтүү 20-августта башталганын билдирип, бул абалга казак тарапты "ЕАЭБдин принциптерин сактабай жатат" деп айыптаган.

24-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 12:00гө карата маалымат бергендей, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, мунун ичинен “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73 болгон. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп жатканын белгилеген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG