Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

27-28-29-августта Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 27-августунда күндүз жана 28-августуна көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18° болот. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

Дагы караңыз

Кожошев Казакстан ЕЭКтин чек арадагы тыгын боюнча кайрылуусуна жооп бере электигин билдирдиОрусия Крым дрондор чабуулуна кабылганын билдирди1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга ID паспорт менен кире алатДональд Трамп камалып, күрөөгө бошотулду