Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга ID паспорт менен кире алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 1-сентябрдан тарта эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан ID паспорт менен өтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 25-августта билдирди.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда карап, жактырган. Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл төрт айда Өзбекстандан Кыргызстанга 1 млн 618 миң киши кирип, Кыргызстандан ал өлкөгө 1 млн 574 миң 732 киши чыкканын билдирген.

Эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимдин мөөнөтү 60 күн, кирген жаран 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттери да ачылган

XS
SM
MD
LG