Навальныйдын командасы Путиндин жаңы яхтасы тууралуу иликтөө жарыялады

Graceful яхтасынан тартылган сүрөт.

Алексей Навальныйдын командасы Орусиянын президенти Владимир Путинге байланышы бар экени болжолдонгон кымбат баалуу яхта тууралуу иликтөө жарыялады.

Graceful деп аталган 82 метрлик яхтанын баасы 100 миллион долларга жакын экени айтылат. Анда эки бассейн, тик учак коно турган аянтча, спортзал, кинозал жана тамактануучу бөлмө бар. Яхтага өтө кымбат эмеректер коюлуп, мрамор жана алтын жалатылган материалдар менен жасалгаланган.

Активисттердин айтымында, Graceful яхтасынын корпусу Северодвинскидеги "Севмаш" кеме куруу жайында жасалган. Аны жасалгалоо жана техникалык жабдууларды орнотуу иши Гамбургдагы Blohm + Voss кеме куруу жайында уланып, 2014-жылы аяктаган.

Алгач яхтанын формалдуу ээси катары Путиндин көп жылдардан берки досу Пётр Колбин ээлик кылган Британ-Виргин аралдарында катталган офшор компания көрсөтүлгөн. 2020-жылы декабрда яхта ээси "Аргумент" деп аталган орусиялык акционердик коомго сатылган.

Маалыматка караганда, Graceful яхтасы 2022-жылы январда Гамбургдагы кеме куруучу жайда пландык оңдоодон өтүп жатканда шашылыш түрдө Орусияга кайтарылган. Иликтөөчүлөр Москва мындай жол менен яхтаны Украинага кол салгандан кийинки камакка алуулардан коргоп калууга аракет кылган деп болжолдоодо.

2022-жылдын 24-февралынан кийин АКШнын Каржы министрлиги Путинге байланышы бар мүлк катары Graceful яхтасына санкция салган. Бирок бүгүнкү күндө Эстония, Италия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр ортомчу фирмалар аркылуу бул кемеге жабдууларды жеткирүүнү улантып келишет.

Былтыр май айында Италиянын бийлиги Путинге таандык экени айтылган "Шехерезада" аттуу яхтаны камакка алып, АКШдагы кеме токтотуучу жайга жеткирген. Узундугу 140 метрди, баасы 700 миллион долларды түзгөн бул яхтанын формалдуу ээси катары "Роснефть" ишканасынын мурдагы башчысы Эдуард Худайнатов көрсөтүлгөн.

Владимир Путин кирешеси тууралуу декларациясында айына 850 миң рубль маяна аларын, "Волга" жана "Нива" үлгүсүндөгү эки автоунаасы жана "Скиф" чиркегичи бар экенин көрсөткөн.

Дагы караңыз

Тажикстандан Өзбекстанга 55 килограмм маңзат алып бараткандар кармалдыДагестандагы жарылууда төрт өзбек жараны өлгөнү аныкталдыОдессага урулган соккудан дан кампасы зыян тарттыБоз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы корук ачылмай болду