Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Тажикстандан Өзбекстанга 55 килограмм маңзат алып бараткандар кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Ойбек" бекетинде ири өлчөмдө маңзат алып бараткан автоунаа кармалды.

Ташкент облустук бажы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, маңзат газ баллонуна (49 таңгак) жана автоунаанын бензин куйган жерине (31 таңгак) катылган.

Кармалгандар Өзбекстанга 52,8 килограмм гашиш, 2 килограммдан ашык героин жана курамында 950 грамм синтетикалык маңзат бар клей алып кирүүгө аракет кылганы айтылууда.

Факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

“Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фонду чөлкөм аркылуу ооган баңгизаты Орусияга жана Жакыңкы Чыгыштан Европага чейин соодаланарын билдирген.

XS
SM
MD
LG